Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Депутат Бекешев Бишкекте автоунааларды эвакуациялоону жокко чыгарууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкек шаарында туура эмес токтотулган автоунааларды эвакуациялоо ишине нааразы экенин билдирди.

Ал бир автоунааны жүктөп кеткени үчүн эвакуатордун акысына 2 миң сом, андан тышкары айыпты өзүнчө төлөй турганын айтты. Ал туура эмес токтотулган унааларды эвакуациялоо чарасы шаардагы жол тыгынын азайтууга таасири этпей жатат деген пикирде.

“Эмнеге эки миң сом? Мындай бааны ким койду? Бул боюнча Монополияга каршы агенттик текшерип чыгышы керек. Алар эвакуациялоо учурунда унаага зыян келтирип жатышат. Жарандар буга нааразы болсо, сотко барып арыздана бер деп коюшат экен. Бизде чечим бар. Туура эмес токтотулган унааларга жол коопсуздук кызматкерлери айып салып, унаага билдирүү чаптап коюшсун. Айыптын баасы 300 эмес, эки эсе көп – 600 сом кылып коёлу. Мен үчүн эвакуациянын 2000 сом алганы түшүнүксүз жана актоого мүмкүн болбогон бизнес”, - деди Бекешев.

Ал ошондой эле чоң иш-чараларды өткөрүүдө же президенттик кортеждин жүрүүсүнө тоскоол болгон учурларда гана туура эмес коюлган унааларды эвакуациялап, калган учурда жокко чыгарууну сунуштады.

Бишкек мэриясы соңку жылдары жаңы жасалган көчөлөрдө жол боюна автоунаа токтотууга тыюу салып, бул эрежени бузгандарды эвакуациялап келет. Бишкек шаардык милициясы менен чогуу иш алып барган мэриянын алдында муниципалдык инспекция түзүлүп, техникалар алынган.

Калаа башкармалыгы мындай чара менен жол тыгынын азайтууну көздөй турганын айтып келет.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *