Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШнын чалгын кызматында Ирандын өзөктүк куралы тууралуу далилдер жок экени кабарланды

Америкалык демократ сенаторлордун тобу президент Дональд Трамп "АКШнын Ирандагы согушка катышуусун кеңейтүү ыктымалдыгын" караштырып жатса Конгресс менен кеңешип, уруксат алууга тийиш деп билдиришти. Мыйзам чыгаруучулар ошондой эле Тегеран жооп иретинде америкалык базаларга сокку урарын эскерткенин белгилешти.

The Wall Street Journal гезити жазгандай, Трамп Иранга коюла турган чабуулдардын планын бекитти, бирок аны ишке ашыруу буйругун бере элек. Басылманын булактары АКШнын бутасы Фордодогу уран байытуучу завод болушу мүмкүн деп айтып жатышат.

Вашингтон Иранга жакынкы арада сокку урууну даярдап жатканын өз булактарына таянып Bloomberg агенттиги да кабарлады.

АКШнын президенти өзү да Израил-Иран жаңжалына кийлигишүү ыктымалдыгын жокко чыгарбайт.

“Менин согушуу ниетим жок. Бирок согуш менен өзөктүк куралдын ортосундагы тандоо турса, анда зарыл нерсени кылыш керек", - деген Трамп 18-июнда журналисттерге.

Трамп Ислам жумурияты ядролук курал жасоого жакындады деп билдирген.

Ошол эле маалда америкалык Улуттук чалгын кызматында Иран атомдук куралдын үстүнөн иштеп жатат деген далилдер жок экенин 18-июнда MSNBC телеканалынын эфиринде Сенаттын чалгын комитетинин төрага орун басары Марк Уорнер билдирди. Демократиялык партиянын өкүлү Улуттук чалгын кызматы бул тууралуу 16-июнда сенаторлорду кабардар кылганын айтты.

Сенатор кызматтын директору Тулси Габбард 25-мартта "Иран бомба жасоо багытында аракет көрбөгөнүн" айтканын эске салды. Уорнер Трамп "чалгынчылардын маалыматтарына көңүл кош мамиле кылганын" белгиледи.

Израил 13-июнда Ислам жумуриятына сокку урганда Тегерандын өзөктүк жайларын бутага алганын билдирген. Ислам жумурияты ага жооп кайтарып, Израил тарапка ракеталарын ата баштаган.

Тегеран буга чейин өзөктүк курал жасоо аракетинен баш тарта турганын, бирок тынч максатты көздөгөн өзөктүк программасын улантууга укуктуу экенин билдирген. Израил жана Батыш, анын ичинде АКШ Ирандын бийлиги атомдук программага жамынып кооптуу куралдын үстүнөн иштеп жатат деп шек санашат.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *