Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Макрон: карапайым элге жана энергетика жайларына соккулар токтоого тийиш

Израил-Иран жаңжалы башталганына бир жума болгон күнү Франциянын президенти Эммануэл Макрон катардагы адамдарга жана жарандык инфраструктурага соккулар токтоого тийиш деп билдирди.

Бул тууралуу Рейтер агенттиги жана France 24 жазды.

«Франция бир нече күндөн бери энергетика жайларына жана жайкын элге сокку урууну эч нерсе актабай турганын так айтып келатат», - деп билдирди Макрон Ле Бурже авиасалондогу журналисттерге.

Анын пикиринде, Тегеран өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөргө кайтууга даярдыгын көргөзүүгө тийиш.

Президент Париж жана европалык державалар Израил менен жаңжалга чекит коюунун дипломатиялык жолун Иранга сунуш кылышарын белгиледи.

Жума күнү Женевада Британия, Франция жана Германиянын башкы дипломаттары Ирандын тышкы иштер министри менен жолугушмакчы.

Макрондун айтымында, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин Ирандагы ишин жандандыруу, инспекторлордун бардык өзөктүк ишканаларга баруусун камсыздоо жана уранды байытууну токтотуу сунуш кылынат. Андан тышкары Ислам жумуриятынын баллистикалык ракеталарды чыгаруу ишмердигине байкоо салуу тууралуу сөз жүрмөкчү.

Эки өлкө ортосундагы куралдуу жаңжал 13-июнда Израил Ирандын өзөктүк курал жасоо аракетин алдын алууну көздөгөнүн айтып сокку урганда тутанган. Ислам жумурияты ага жооп кайтарып, Израил тарапка ракеталарын ата баштаган. Ошондон бери соккулар тынчыбай келет. Эки тараптан тең жайкын адамдар жабыркап жатат.

Тегеран өзөктүк программасы жай турмуш максаттарын көздөгөнүн, андан баш тартпай турганын айтууда.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *