Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Камбар-Ата-1" ГЭСинин жаңыланган техникалык-экономикалык негиздемеси сунушталды

Энергетика министрлиги "Камбар-Ата-1" ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесинин жаңыланган варианты даярдалганын билдирди. Бул долбоорго байланыштуу 18-19-июнда Бишкекте жыйын өтүп, ага министрликтердин кызматкерлери жана Казакстандан, Өзбекстандан, Дүйнөлүк банктан жана эл аралык уюмдардан өкүлдөр катышты.

Жыйында швейцариялык AFRY инженердик компаниясы долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси менен тааныштырды. Анда эл аралык стандарттарга дал келген негизги инженердик чечимдер, сейсмикалык анализдер, гидрологиялык эсептер жана долбоордун схемасы камтылган.

Айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо (ОВОСС) иштерин жүргүзгөн эл аралык SMEC компаниясы тиешелүү документтерди сунуштады. Анда долбоордун ишке ашуусуна байланыштуу мүмкүн болгон экологиялык жана социалдык таасирди азайтуу жана жумшартуу маселелерине көңүл бурулган.

“Дүйнөлүк банк бул ири долбоорду даярдоодо ар тараптуу колдоо көрсөтүүдө. Анын ичинде техникалык-экономикалык негиздемени жаңыртуу, долбоорду ишке ашыруунун экологиялык жана социалдык кесепеттерин баалоо жана туруктуу долбоордук түзүмдү иштеп чыгуу иштери бар”, - деп жазылган маалыматта.

2023-жылы Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлери "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруунун "жол картасына" кол коюшкан. Мындан тышкары расмий Астана менен Ташкент биргелешкен ишкана түзүү демилгесин колдошкон. Биргелешкен ишкана "Камбар-Ата-1" ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин аны башкарары жана 34% акциясы Кыргызстанга таандык болору, ал эми Казакстан менен Өзбекстан 33% алып, жалпы 66% ээлик кылып калары айтылган. Мындай бөлүштүрүү Кыргызстанда айрым депутаттардын нааразылыгын жараткан.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев "Камбар-Ата-1" ГЭС долбооруна каражат табылганын быйыл февраль айында билдирген.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *