Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Путин жана Мирзиёев Орусияда иштөөнү каалаган мигранттарды биргелешип даярдоону макулдашты

Орусиянын президенти Владимир Путин өзбек мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев менен Орусияда иштөөнү каалаган эмгек мигранттарын биргелешип даярдоо тууралуу макулдашылганын билдирди.

Кремлдин басма сөз кызматы Путиндин «кеп орус тилин, маданиятын үйрөтүү» жана «башка пландар тууралуу жүрүүдө» деген сөздөрүн келтирет.

Миграция темасын орус президенти Санкт-Петербургдагы экономикалык форумда, Өзбекстандын мамлекеттик кабар агенттигинин жетекчисинин суроосуна жооп берип жатып козгоду. Путин рыноктогу абал начарлаган шартта мамлекет башчылар миграция маселелерин биргелешип чечип турушарын кошумчалады.

2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Орус бийлиги кол салуу үчүн шектүү деп тажик тектүү жарандарды атаган.

Расмий Москва ошондон бери мигранттарга талап-эрежелерди кыйла катаалдатып, аларга каршы мыйзамдар кабыл алынып жатат.

Мисалы мигранттардын балдарын тил экзаменин тапшырбастан мектепке алууга болбойт.

Андан тышкары орусиялык полиция борбор азиялык мигранттарды сабаган, кемсинткен видеолор тарап жатат.

10-июнда Өзбекстандын Министрлер кабинетине караштуу Миграция агенттиги Москвада мигранттарга, анын ичинде ыктымал өзбек жарандарына күч колдонулган рейддерге байланыштуу кабарларга камтамачылыгын билдирди.

“Орусия Федерациясынын өкмөтү жана ири жумуш берүүчүлөрү тараптан Өзбекстандын жарандарын орус жергесине ишке тартууга кызыгуу жылдан жылга өсүп жатканынын фонунда ал жактагы укук коргоо органдарынын айрым өкүлдөрүнүн чет элдик жарандарга орой мамилеси өкүнүч жана камтамачылык жаратууда”, – деп айтылат Миграция агенттигинин билдирүүсүндө.

Өзбекстандын Журналистика жана массалык коммуникациялар университетинин ректору Шерзодхон Кудратхожа соңку рейддер Москвада өткөнүн жазып, мекендештерин Орусияга барбай турууга чакырды.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *