Бишкекте соңку эки жылда турак жай баасы 30% өстү. Курулуш министрлиги буга жер тилкелеринин азайышы жана курулуш материалдардын баасы себеп дейт. Жогорку Кеңеште Бишкек эң кымбат шаарлардын катарына киргени да айтылды. Бишкектеги турак жай баасынын жогорулашынын дагы кандай себептери бар?