Чүйдөгү Такыр-Төр көлү ташып, 950 тургун коопсуз жерге чыгарылды
Төмөнкү Серафимовка айылындагы карылар үйүндө жашаган 290 киши Туз айылындагы мектепте, маданият үйүндө жана мечитте убактылуу башкалкалап турат. Ал эми Кебек-Бий айылынан 240 тургун Тогуз-Булак айылындагы мектепке жана мечитке жеткирилди.
Министр Ажыкеев бул айылдарга электр жарыгы берилгенин, учурда кырдаал көзөмөлдө экенин маалымдады.
Ысык-Атадагы Такыр-төр көлү жума күнү түштөн кийин жырылып, андан аккан суу төмөнкү аймактарды каптай баштаган.
Кыргызстандын аймагында эки миңдей көл болсо, анын 368и ташып кетүү коркунучунда экени белгилүү. Тоодогу кооптуу көлдөрдүн көбү Ысык-Көл жана Чүй облусунда жайгашкан.