Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Чечейбаев дарыгерлер сабалган окуялардан улам ИИМ менен УКМКга кайрылды

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев ооруканаларда дарыгерлер сабалган окуялардан улам ички ички иштер министрине, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасына кайрылды. Ал Фейсбуктагы баракчасына дарыгерлерге кол салууга күнөөлүү деп табылгандар жоопко тартылышы керектигин жазды.

"Дарыгерлерди сабаган адамдар жазасыз калып жатат. Эгерде биз ар намысты жана абийирди коргобосок, эң негизгиси медицина кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылбасак, анда медиктерди жоготобуз. Мен ички иштер министрине, УКМКнын төрагасына кайрылам. Дарыгерге кол салган күнөөлүү адамды мыйзам чегинде жоопко тартуу зарыл. Биз бейтапты коштоп жүргөндөргө, саламаттыкты сактоо мекемелеринин медициналык бөлүмдөрүнө кирүүгө тыюу салабыз. Алар бейтапты алып келип, дарыгерлерге өткөрүп бергенден кийин сыртта жыйынтыкты күтүшөт. Оорукананын ичине кирбейт", - деп жазды Чечейбаев.

Мунун алдында Улуттук госпиталда дагы бир дарыгер сабалган учур катталган. Социалдык тармактарда ага кол көтөргөн адам укук коргоо органдарынын кызматкерлери экени тууралуу маалыматтар чыккан. ИИМ ал адамдар милицияда иштебей турганын билдирди.
Ага чейин аталган госпиталдын ординатору менен бейтаптын жакындарынын ортосундагы чыр талаш-талкуу жараткан. Милиция дарыгерге каршы арыз түшкөнүн билдирген, “майда бейбаштык” беренеси менен иш козгоп, сот үч суткага камап койгон жана бул нааразылык жараткан. Ординатор бейтаптын жакындары аны сабаганын, мээси чайкалып ооруканада жатканын билдирсе, экинчи тарап аны орой мамиле кылып, тилдеди деп милицияга кайрылган.

Бул окуяга байланыштуу Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын жамааты билдирүү тараткан. Анда жамаат Башкы прокуратурага, ИИМге, УКМКга кайрылып, окуяны бейтарап текшерип берүүнү өтүнгөн.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *