Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Европа Биримдиги Илан Шорго байланышкан А7 төлөм системасына санкция салды

Европа Биримдигинин кеңеши Молдовадан качып чыгып, Орусияда жүргөн олигарх Илан Шорго таандык делген жана Орусиянын санкцияга илешкен Промсвязьбанкына байланышкан А7 төлөм системасын санкциялык тизмеге киргизди. Бул тууралуу маалымат Еврокеңештин сайтына жарыяланды.

Маалыматта буга А7 Молдовадагы шайлоолорго кийлигишкени себеп катары көрсөтүлгөн.

Орусиядагы А7 компаниясынын 51% көзөмөл пакети Илан Шорго, калган 49% Промсвязьбанкка тиешелүү болгон. Иликтөөлөрдө алар бул компанияны Орусияга кирген-чыккан төлөмдөрдү тейлөө үчүн уюштурушканы айтылат.

Эл аралык Financial Times басылмасы быйыл 25-июнда жарыялаган “Орусиянын көмүскө төлөмдөрү үчүн криптовалюта 9 миллиард долларды айлантты” (Crypto coin for Russian shadow payments moves $9bn) деп аталган макаласында Кыргызcтанда ачылган Grinex аттуу криптобиржанын артында молдовалык ишкер Илан Шор турары маалымдалган. Медиа аталган биржа быйыл февралда Кыргызстандын аймагында уюшулганын маалымдайт. Аянтчада соодаланып жаткан A7A5 аттуу токен, башкача айтканда криптовалютанын түрү ошол эле убакта Кыргызстанда расмий түрдө жүгүртүүгө чыкканы баяндамада белгиленген.

“Азаттык” июль ичи жүргүзгөн иликтөөсүндө Илан Шордун Орусиядагы А7 компаниясы Бишкекте “А7-Кыргызстан” аттуу компания ачып, “Олд Вектор” аттуу фирма аркылуу A7A5 аттуу токен же стейблкоинди сатыкка чыгарганын аныктаган.

Илан Шор Молдовада банктык алдамчылык менен 1 млрд долларды уурдоого айыпталып, 15 жылга соттолгон жана 2019-жылы үй камагынан качып чыгып, кийин орус жарандыгын алган олигарх. Молдованын бийлиги 2024-жылы Шорго ага чейинки шайлоолордогу добуш сатып алуу боюнча да кине койгон, ал өзү бул айыптоолорду четке кагып келет.

Криптовалюта бул – блокчейн технологияларынын негизинде иштелип чыккан жана интернетте гана жүгүртүлгөн санариптик акча. Анын бир нече түрү бар. Биринчи түрү – монета, экинчи түрү – токен. Стейблкоин (stable – стабилдүү, coin – монета) токендин бир тиби болуп саналат.

Grinex криптобиржасында соодаланып жаткан A7A5 токени Орусиянын рублине 1:1 эсебинде байланган стейблкоин. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *