Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Дин ишмерлери кызамыкка каршы эмдөөдөн өтүүгө үндөөнү күчөтөт

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү эмдөө маселелерин талкуулады. Муфтияттан кабарлашкандай, анда кызамыкка каршы эмдөө тууралуу коомчулукка түшүндүрүү иштерин бирге жүргүзүү, жалган маалыматтардын жайылышын алдын алуу тууралуу сөз болду.

“Ар бир баяндамада калк арасында эмдөөгө болгон ишенимди жогорулатуу, туура маалыматты жеткирүү жана диний лидерлердин бул процесстеги ролу тууралуу маанилүү ой-сунуштар айтылды. Диний лидерлерди жигердүү тартуу менен эмдөөгө болгон мамилени өзгөртүү жана коомдук саламаттыкты чыңдоо багытында маанилүү кадам болору белгиленди”,-деп жазылган муфтият тараткан маалыматта.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан берки алты айда кызамык (корь) жуккан 8572 бейтап катталган. Ушул убакыттын ичинде ооруга чалдыккан 10 бала чарчап калган, алардын алтоо бир жашка чейинки ымыркайлар. Экөө 1-5 жаш, дагы экөө 8 жаштан өткөн балдар.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына караганда, каза болгондордун баары ооруга каршы эмделген эмес жана ооруну жуктуруп алгандар Бишкек шаарында көп болуп жатат.

Өткөн жылы кызамык жуккандар 14 миңден ашкан.

СССРдин аймагында 1963-жылдан бери кызамыкка каршы эмдөө жүргөндүктөн Кыргызстанда эгемендик алган жылдары бул ооруну жугузгандар көп катталган эмес жана өлүм да сейрек кездешчү.

Диний ишенимден улам вакцинадан баш тартуу адаты 2012-жылдан тартып башталган. Анын кесепетинен 2014-2015-жылдары Кыргызстанда кызамыкка кабылгандар кескин көбөйүп, 17 миңге жеткен. Натыйжада ири эмдөө кампаниясы жүргөн.

2024-жылы эмдөөдөн баш тарткан 20 миңдей учур катталган.

2018-2019-жылдары да кызамыкты жуктургандардын саны кескин жогорулап, жылына 2000 бейтап катталган жана кайрадан эмдөө күчөтүлгөн.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *