Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Израилдин армиясы Газанын борборун абадан жана жерден аткылай баштады

Израилдин армиясы 21-июлда эртең менен Газанын борборундагы Дейр-эл-Балах шаарында абадан жана жерден операциясын баштады. Мындан улам тургундар кымгуут-кыйсыпыр болуп шаардан качып чыгып жатканы тартылган видео-сүрөттөр тарады.

ЦАХАЛ бул операциясы тууралуу мындан бир нече саат мурда гана эскертүү берген жана палестиндерден бул шаардан чыгып кетүүнү талап кылган.

Бул райондо 2023-жылдын октябрында башталган согуштан бери кармаш боло элек болчу.

ЦАХАЛ буга чейин согуштук аракеттер болбогон аймактарда дагы операцияларды баштарын, анын максаты АКШ менен Европа Биримдиги террордук деп тааныган ХАМАС тобунун жайларын жок кылуу экенин билдирди.

Дейр-эл-Балахта израилдик туткундардын кайсы бир бөлүгү кармалып турганы айтылып келген жана ХАМАСтын туткундарды өлтүрүү тууралуу коркутууларынан улам бул шаар бутага алынган эмес.

Израилде туткундардын жакындары ЦАХАЛдын аталган шаарда операция баштаганы жатканына байланыштуу тынчсыздануусун билдиришти.

Газанын борборунда анклавдын башка райондорунан келген качкындар дагы башкалкалап жаткан.

Газадагы чабуулдар ХАМАСтын согушкерлери 2023-жылдын 7-октябрында Израилдин аймагына кол салып, миңден ашуун кишини өлтүрүп, жайкын тургундарды барымтага алып кеткенден кийин башталган.

Андан бери Газада Израилдин аба чабуулдарынан жана жердеги операцияларынан оң миңдеген адамдын өмүрү кыйылды.

Жалпысынан Газада ок атышуу бир нече айга токтогону менен согушту толук аягына чыгаруу боюнча дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек. Анклав күн сайын бомбаланып, аткылоого туш болуп келатат.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *