Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Мамлекеттик кызматкердин сүйлөө жана жазуу маданияты боюнча кереге кеңеш өттү

Бишкекте бүгүн 22-июлда "Жаңы технологиялар доорунда мамлекеттик кызматта сүйлөө жана жазуу маданияты" аталышындагы талкуу өтүп, анда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн жазуу жана сүйлөө, кеп маданияты боюнча тематикалык семинарларды, атайын окуу курстарын уюштуруу зарылдыгы айтылды.

Иш-чараны “Кыргыз Туусу” гезити демилгелеп, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы биргелешип уюштурду. Ага министрликтердин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Филолог окумуштуулар Замира Дербишева, Гүлзада Станалиева жана Кемелгазы кызы Назгүл даярдаган мамлекеттик кызматкерлердин оозеки жана жазуу маданиятынын актуалдуу проблемалары боюнча презентациялар көрсөтүлүп, түшүндүрмөлөр берилди.

Катышуучуларга мамлекеттик жана расмий тилдин туура колдонулушу, сүйлөө жана жазуу нормалары, жарандар менен туура баарлашуу жолдору тууралуу кеңештер берилди. Ошондой эле мамлекеттик кызматкердин коом алдындагы жоопкерчилиги, жүрүм-туруму жана коммуникациялык маданиятынын бүгүнкү күндөгү мааниси тууралуу талкуу болду.

Буга чейин эл менен жолугушуудагы орой мамилеси үчүн эскертүү алган жетекчилер болгон. Быйыл 7-мартта президент Садыр Жапаров өзүнүн Баткендеги өкүлү Айбек Шаменовго Достуктун тургундарына жасаган мамилеси үчүн оозеки эскертүү берген. Шаменов элге орой мамиле кылганы талкууга түшкөн. Өткөн айдын башында Балыкчы шаарына мэр болуп дайындалган Султан Керималиевдин жергиликтүү телеканалдардын бирине курган маеги интернетте талкуу жараткан. Соцтармак колдонуучулары анын эфирде өзүн алып отурганын, кийимин жана орусча аралаштырып сүйлөгөнүн сындашкан. Көп өтпөй президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде Балыкчы шаарынын мэри тууралуу интернетте жүрүп жаткан талкууга байланыштуу пикирин билдирип, ал этиканы сактабаганын айткан.

Президент Жапаров ошондой эле өлкөдө жетекчилик кызматта иштей турган кадрлар жетишсиздигин белгилеп, бул боштукту толтуруу үчүн “Акылман” мектебин ачканын, ал мектепти бүтүргөндөр 100 пайыз мамлекеттик кызматта иштей турганын кошумчалаган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *