Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу: Жалал-Абадда 100дөй үй көчүрүлөт

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, бүгүн 24-июлда мекеменин башчысынын биринчи орун басары Нурлан Эрматов аталган темир жолдун курулушу алкагында Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында темир жол линиясына туура келген турак жайларды көчүрүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга көз каранды эмес баалоо жүргүзүүчү эксперттер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тиешелүү мекемелердин кызматкерлери катышты.

Жыйында Нурлан Эрматов курулуш иштерине байланыштуу 100гө жакын турак жайды баалоо жана көчүрүү иштерин баштоо зарылдыгын белгилеп, бул багыттагы ишти эки топко бөлүп уюштурууну тапшырды.

Апрель айынын аягында Сузакта темир жолдогу туннелдин курулушу башталган. Кыргыз өкмөтү анын жалпы узундугу 12 чакырымды түзөрүн жана Сузактан башталып, Тогуз-Торо районунан бүтөрүн билдирген. Узундугу ушундай эле болгон дагы эки туннелдин курулушу Нарын жана Жалал-Абад облустарында пландалган.

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу 2024-жылдын 27-декабрында расмий башталган.

Бишкекте “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу” ишканасы түзүлгөн. Анын негиздөөчүлөрү – Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын “Узбекистон темир йуллари” акционердик коому. Бул ишкана темир жолду куруу үчүн Биргелешкен долбоорлоочу компания (БДК) болот. Кошкон каражатына жараша компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.

2024-жылы июнда Бээжинде долбоорду биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, каржылоо маселеси чечилген.

Долбоор наркы 4 млрд 665 млн доллар деп көрсөтүлгөн. Мунун жарымын – 2 млрд 332 млн долларды Кытай үч өлкө түзгөн БДКга насыя катары берет. Кыргыз өкмөтү курулуштун уставдык капиталына 11 млрд сом бөлөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги жарыялаган 2025-жылга мамлекеттик бюджеттин долбоорунда жазылган. Темир жолдун курулушуна 20 миңден ашык адам жумушка тартылат.

Темир жол “Кашкар–Торугарт–Макмал–Жалал-Абад–Анжиян” багытында түшөт. Узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннель курулат. Темир жолдун 40% туннелдерден жана көпүрөлөрдөн турат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *