Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Тайланд менен Камбоджанын чек арасындагы атышуу токтой элек

Тайланд менен Камбоджа ок атышууну токтотуу үчүн сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдиргенине карабай эки өлкөнүн чек арасындагы кагылыш төртүнчү күнү катары менен уланып жатат.

АКШнын президенти Дональд Трамп ишембиде эки мамлекеттин башчылары менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирип, алар чукул арада жолугуп, жарашууга даяр экенин айткан.

Ага карабай жекшемби күнү таңга маал эки мамлекет талашып келе жаткан храмдар жайгашкан аймактарда атышуу болду.

Камбоджанын Коргоо министрлигинин өкүлү Макли Сочеаты Тайланддын аскерлери таңкы саат 4.50дө ок чыгарганын маалымдады. Ошол эле кезде Тайланд армиясынын өкүлү Ритча Суксуванондун сөзүнө караганда, Камбоджа тарап таңкы саат 4төрдө биринчилерден болуп аткылай баштаган.

Тайланд менен Камбоджанын чек арасындагы чыр 24-июлда башталган.

Камбоджанын Коргоо министрлиги жаңжалда бери дегенде 13 киши мерт болгонун, алардын сегизи жайкын тургундар экенин билдирген. Маалыматтарга караганда, дагы 70тен ашык адам жараат алды. Чыр чыккан аймактардан 140 миңдей кишини эвакуациялады.

Тайланддын армиясынын маалыматына караганда, өлгөндөрдүн саны 20га жетти, алардын алтоо жоокер, калган 14 жайкын тургундар.

Куралдуу кагылышка байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши жума күнү чукул жыйынга чогулган.

Бангкок менен Пномпен жүздөн ашык жылдан бери эле Прэахвихеа жана Та Моан Тхом храм комплекстери турган аймакты талашып келет.

БУУнун эл аралык соту 1962-жылы Прэахвихеа Камбоджага таандык деген чечим чыгарган, бирок талаштуу аймактардагы чек ара чырлары токтогон эмес.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *