Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Адылбек Касымалиев Кыргызстан Алтайга үч ак илбирс бергенин айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан Алтай Республикасы менен ак илбирсти сактоо жаатында кызматташып жатканын билдирди. Ал бул тууралуу аталган жумуриятта өткөн эл аралык экологиялык конференцияда билдирди.

"Март айында Алтайдын “Ак илбирс” борборуна үч ак илбирс берилген. Бул жөн гана символикалык акция эмес, Алтай-Саян аймагынын экосистемасынын туруктуулугуна кошкон салым. Жалпысынан 2019-жылдан бери эл аралык өнөктөштөр менен биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо, экологиялык тропторду түзүүнү жана экспедицияларды жүргүзүүнү камтыган 10дон ашык биргелешкен долбоор ишке ашырылды. Кыргызстанда “Чаткал” жана “Ак илбирс” деген эки экологиялык коридор түзүлдү. Борбор Азиядагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо максатында коңшу мамлекеттердин аймактарын камтыган трансчекаралык экологиялык коридорлорду түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз",-деген Касымалиев.

Былтыр жыл аягында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын резолюциясы менен 23-октябрь – Эл аралык ак илбирс күнү деп белгиленген.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов аталган уюм муну менен Кыргызстандын демилгесин колдоого алганын билдирген.

Президент Садыр Жапаров “Ак илбирсти Кыргызстандын улуттук символу деп таануу жөнүндө” жарлыкка 2023-жылы кол койгон.

Анын алдында бир катар эл аралык уюмдардын Бишкектеги өкүлчүлүктөрү ак илбирске улуттук жаныбар макамын ыйгаруу сунушу менен өлкө башчыларына кайрылган.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда болжол менен 330дай ак илбирс бар жана аны аткандарга эки миллион сом айып пул салынат.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *