Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Илимдер академиясы Ботаникалык бак жаңыланып жатканын билдирди

Улуттук илимдер академиясы Бишкектеги Ботаникалык бактын абалы тууралуу талкууларга комментарий берди. Анда бул жайды жаңылоого байланыштуу ири долбоор башталганын, анын алкагында комплекс толугу менен оңдолуп-түзөлөрүн билдирди.

"Жаңылоо иштеринин жүрүшүндө баалуу бак-дарактардын, өсүмдүктөрдүн түрлөрүн сактап калууга өзгөчө көңүл бурулат. Ботаникалык, дендрологиялык жана генетикалык баалуулугу бар илимий коллекцияга кирген бак-дарак, өсүмдүктөрдүн баары өз ордунда жана адистердин көзөмөлүндө турат. Бак 30 жылдан бери басып кеткен отоо чөптөрдөн, куурайлардан тазаланды. Бир канча жыл бою каржылоо болбогондуктан бул жай каралбай калган. Мамлекеттик колдоо болгондон бери көлөмдүү жаңылоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү",-деп жазылган маалыматта.

Ушул тушта социалдык тармактарда Ахунбаев атындагы көчөдө жайгашкан бактын азыркы абалы кызуу талкууланып жатат. Анын алдында былтыр ушул маалда жашыл болуп турган жайда азыр бак-дарактар азайып, чөптөрү саргайып, куурап, такыр болуп калганы тартылган видео тараган. Мындан улам соцтармактардын колдонуучулары негизинен Бишкек мэриясын сындап жаткан, мэрия болсо бул жай Илимдер академиясынын карамагында экенин билдирген.

Ушул жылдын башында "Энвер Гареев атындагы ботаникалык бак" илимий-изилдөө институтуна өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы макамы берилген.

2022-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Акылбек Жапаров Ботаникалык бактын каржылоосун түздөн-түз республикалык бюджетке алуу пландалып жатканын билдирген. Ал муну бак Илимдер академиясына караштуу болгондуктан ушул мекемеге бөлүнгөн бюджеттен каржыланарын, ошол себептүү анын аянты кароосуз калып жатканы менен түшүндүргөн жана бул талкуу жараткан.

Кийин Жогорку Кеңеште "Ботаникалык бакты Илимдер академиясынын балансында калтыруу керек" деген чечим чыккан.

2023-жылдын мартта президент Садыр Жапаров Ботаникалык бакка барып, ошол учурдагы абалын көрүп, аны реконструкциялоону тапшырган. Ал бул жай Улуттук илимдер академиясынын курамында калып, анын илимий бөлүгүнө көбүрөөк көңүл бурулушу керек экенин билдирген. Ошол эле маалда “бакта жарандардын эс алуусу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп, шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун сүйүктүү эс алуу жайына айланышы керектигин” белгилеген.

Былтыр апрелде Ботаникалык бактын Горький көчөсүндө жайгашкан бөлүгү реконструкцияланып, эс алуучу сейил бак катары ачылган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *