Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Стармер Израил Газаны аткылоону токтотпосо Британия Палестина мамлекетин тааный турганын айтты

Британ премьер-министри Кир Стармер эгер Израил Газадагы "үрөй учурган кырдаалдын токтошу үчүн олуттуу аракет жасабаса" расмий Лондон Палестина мамлекетин тааный турганын эскертти. Ал муну сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясында жарыялашы мүмкүн экенин айтты.
Стармер Тель-Авив ок атууну токтотууга макул болуп, "эки эл үчүн эки мамлекет" деген принципке негизделген туруктуу тынчтыкты орнотуу милдетин алышы керектигин белгиледи. Ошондой эле палестиналыктарга БУУнун гуманитардык жардамын жеткирүүгө шарт түзүп, Иордан дарыясынын батыш жээгин аннексиялап алууну токтотушу зарылдыгын айтты. Эгер бул шарттар аткарылбаса Британия палестин мамлекетин тааный турганын белгиледи.

Британ өкмөт башчысы ошондой эле АКШ менен Европа Биримдиги террордук деп тааныган ХАМАС тобу калган туткундардын баарын бошотуп, жарашууга көнүп, курал-жарагын таштап, мындан ары Газаны башкарууга катыша албасын кабыл алышы керектигин да айтты.

Израилдин Тышкы иштер министрлиги бул билдирүүнү айыптап чыкты.

"Британ өкмөтүнүн позициясынын ушундай учурда, Франциянын аракеттеринен кийин өзгөрүшү ХАМАС үчүн олжо болуп саналат жана Газадагы ок атууну токтотуу аракеттерин, туткундарды бошотуу үчүн түзүлгөн шартты үзгүлтүккө учуратат",-деп жазылган маалыматта.

Өткөн аптада Франциянын президенти Эммануэл Макрон расмий Париж Палестина мамлекетин тааный турганын сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында жарыяларын билдирген.
Анда согушту чукул арада токтотуп, туткундардын баарын бошотуп, Газадагы элге көлөмдүү гуманитардык жардам көрсөтүлүшү керектигин, ХАМАСтын демилитаризациясын камсыздап, Газаны калыбына келтирүү зарылдыгын кошумчалаган.
Палестинанын жетекчилери Макрондун чечимин кубаттаган.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул кадам ХАМАСтын 2023-жылдын 7-октябрындагы кол салуусунан кийин “террорду сыйлоо” катары кабыл алынарын айткан.

Учурда Палестина мамлекетин БУУга мүчө 193 өлкөнүн 140тан ашыгы тааныган. Алардын арасында Орусия, Кытай жана Европа Биримдигиндеги Испания, Польша өңдүү мамлекеттер бар.

АКШ палестиналык мамлекетти тааныган эмес. Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Марко Рубио буга чейин Макрондун мындай планын Вашингтон караманча четке кагырын билдирген.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *