Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бишкекте негизги көчөлөрдүн дээрлик баарынын аталышын кайрадан өзгөртүү каралууда

Бишкекте бир нече аталышка бөлүнгөн айрым негизги көчөлөрдүн аталышын бириктирүү сунушталууда. 4-августта шаардык кеңештин расмий сайтына "Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 "Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтомдун долбоору жарыяланып, коомдук талкууга коюлду.

Сунуштун максаты көчөлөрдүн кайталанган жана бөлүктөргө бөлүнгөн аталыштарын жоюу, шаардын дарек системасын жөнөкөйлөштүрүү экени белгиленди.

Шаар кеңейип, жаңы аймактар кошулгандыктан кээ бир көчө аталыштары кайталанып, ал эми айрымдарынын башы, ортосу же аягы ар башка аталып жүргөндүктөн керектүү көчөнү, даректи табуу оорлошуп жаткандыгы негизги себеп катары көрсөтүлдү.

Бишкектин батыш жана чыгыш бөлүгүн түз байланыштырган узун көчө азыркы кезде Фрунзе (Новопавловка айылы) көчөсү, Ден Сяопин, Чүй жана Шабдан баатыр проспектилери деген аталыштагы бир нече бөлүктөн турат. Аны башынан аягына чейин Чүй проспекти деп атоо, Ден Сяопин жана Шабдан баатыр деген аталыштарды башка көчөлөргө ыйгаруу сунушталууда. Мисалы, Лев Толстой жана Путеводная деген аталыштардан турган көчөнүн Шабдан баатыр деген гана бир аталышы болот деп каралууда.

Шаардын түштүк чегинен Чүй проспектине чейинкиси 7-апрель, андан аркысы Курманжан датка деген көчөнү (мурдагы Алматы көчөсү) Курманжан датка деп, Түштүк магистралды (Аалы Токомбаев, Абсамат Масалиев, Жайыл баатыр көчөлөрү) Жайыл баатыр проспекти деп, ал эми калаанын түштүктөн түндүк чегине борбордук бөлүктү аралап өтүп, жарымы Чыңгыз Айтматов, экинчи жарымы Манас деп аталган чоң көчөнү Чыңгыз Айтматов проспекти деп гана атоо сунушу берилди.

Петр Кривоносов жана Анвар Чортеков көчөлөрүн Абсамат Масалиев көчөсү деп атоо, Юлиус Фучиктен башталган Жибек жолу көчөсүн аягына чейин ушул аталышта калтыруу, мурдагы Максим Горький көчөсүн башынан аягына чейин Анкара көчөсү деп атоо, ал эми мурдагы Советская, кийин Жусуп Абдрахманов, Байтик баатыр жана Абдырасул Элебесов деген үч бөлүнүп аталып жүргөн чоң көчөнүн аталышын Жусуп Абдрахманов деп калтыруу сунушталып жатат.

Мэриянын ушул жана башка да көчөлөр боюнча сунушу шаардык кеңештен колдоо тапса жаңы аталыштар бекитилет жана аларды өзгөртүүгө 20 жылга мораторий салынат.

Бир бүтүн көчөнүн улам бир бөлүгү ар башка аталган жагдай айрыкча такси, тез жардам кызматына, товар жеткирүүдө көйгөй жаратып жатканы буга чейин көп эле айтылып келген.

Борбор калаада көчөлөрдүн жана кыска көчөлөрдүн болжол менен 1600дөй аталышы бар экени кабарланган. Жаңы конуштардын айрымдарында аталыш ыйгарыла элек көчөлөр да бар. (RK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *