Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Көк-Жардагы мыйзамсыз курулуштарды бузуу учурунда беш адам кармалды

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы борбордогу Көк-Жар жаңы конушунун 172-контурунда мыйзамсыз делген курулуштарды бузуу учурунда беш адам кармалганын билдирди.

Райондук милициянын маалыматына караганда, 6-августта Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз топ адамдар жолду мыйзамсыз тосуп алышкан. Бул факты боюнча Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 279-беренеси – “Жолдорду мыйзамсыз тосуу” менен кылмыш ишин козгогон.

Тергөөдө 26 (Б.М.), 34 (А.Б.), 36 (К.Н.), 35 (М.У.) жана 60 (А.Ж.) жаштагы беш адам кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Алардын адвокаттары менен жакындары комментарий бере элек.

Мындан тышкары, 17 адам милицияга жеткирилип, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 128-беренеси – “Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө” менен протокол түзүлдү. Милиция жолдорду мыйзамсыз тосуу кылмыш экенин, бул үчүн бир жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы каралганын эскертти.

Бишкек шаардык мэриясы №172 контурда 385 курулуш бар экенин, алардын арасындагы мыйзамга туура келбеген 236 объект буздуруларын билдирген. Аларды бузуу иши тургундардын каршылыгы менен коштолуп жатат. Сөз болуп жаткан аймакка үй жана башка курулуштарды куруп алгандар жерди мыйзамдуу сатып алганын айтышууда.

Мэрия бул аймакка жер мунапысы берилбей турганын, себеби мыйзам боюнча 2021-жылдын 31-декабрына чейин курулган үйлөрдү мыйзамдаштырса болорун кабарлады. Шаар бийлиги Көк-Жар жаңы конушундагы үйлөр 2021-жылдан кийин салынганын кошумчалаган. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *