Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Жусуп Абдрахманов жөнүндө киноповесть жарык көрдү

Журналист Бакыт Орунбековдун Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү саясий ишмер Жусуп Абдрахманов жөнүндө жазган “Көк жал” киноповести атайын китеп болуп жарык көрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” автор өзү билдирди.

Ушундай аталыш менен жыйналган топтомго автордун акыркы жылдары жазган башка эмгектери да кирди. Анын ичинде Кыргызстандын коомдук-саясий турмушундагы көйгөйлүү, урунттуу окуялар, анын тарыхына байланышкан ар тараптуу иликтөөлөр, макала-баяндары кошулду. Китепте мындан сырткары Кыргызстандын тарыхы, тагдыры менен киндиктеш өмүр кечирген белгилүү башка инсандар жөнүндө очерк-портреттер берилди.

“Көк жал” киноповестинде Жусуп Абдрахмановдун СССР түптөлүп жаткан кездеги коомдук-саясий ишмердиги, Тоолуу кыргыз, Кара кыргыз, кийин Кыргыз автоном облусун түзүү боюнча башкалар менен чогуу жүргүзгөн аракеттери, анын жеке жашоосу, кийин репрессияга тартылышы жана башка жагдайлар баяндалган.

Киноповесттин негизинде 2020-жылы “Жусуп Абдрахманов” аттуу документалдуу фильм тартылган. Анын режиссёру - Эрнест Абдыжапаров.

Кыргыздын алгачкы мамлекеттик ишмерлеринин бири Жусуп Абдрахманов 1901-жылы Орусия империясынын Күңгөй-Аксуу болуштугундагы Чиркей кыштоосунда (азыркы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Жаркынбаев айылы) туулган. Падышалык бийлик кулап, Орусия империясынын алкагында СССР негизделген маалда Абдрахманов анын курамында кыргыз мамлекетин түптөгөндөрдүн башында болуп, анын түзүлүшүнө жана калыптанышына негиз салган.

Жусуп Абдрахманов 1937-жылы камакка алынып, ага антисоветтик террорист, Социал-Туран партиясынын түзүүчүсү деген жалган айыптар тагылып камалган. Ал 1938-жылдын 5-ноябрда өлтүрүлгөн. Сөөгү Ата-Бейит мемориалдык комплексинде сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон адамдар менен бирге коюлган.

Жусуп Абдрахмановдун өзүнүн күндөлүгү, саясий билдирүүлөрү архивдерде сакталып калып, Кыргызстан эгемендик алган соң китеп болуп жарык көргөн. Кийин тарыхчылар жана башка изилдөөчүлөр Абдрахмановдун ишмердиги жана жашоосу жөнүндө бир нече изилдөөлөрдү жарыялашкан.

Белгилүү журналист, саясий илимдердин кандидаты, коомдук ишмер Бакыт Орунбековдун “Чайпалган Кыргызстан” (2009), “Көп партиялуулук жана парламентаризм келечеги” (2011), “Карбоз ата жана бабалары” (2014), “Бөлүнгөн кыргыз” (2014), “Менин тагдырымдагы инсандар” (2020) китептери жарык көргөн. Мындан сырткары “Советтик кыргыз журналистикасы күбөлөрдүн сөзү менен” (2023) маектер топтомун жыйнак кылып чыгарып, башкалар менен авторлоштукта “Эркин Тоо” гезитинин тарыхы (1924-2024)” (2025) китебинин 3 томдугун чыгарган. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *