Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бишкек мэри Көк-Жарда киши жашаган үйлөр бузула электигин айтты

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев Көк-Жар конушуна жакын 172-контурда мыйзамсыз курулган бир да турак жай сүрдүрүлө электигин билдирди. Бул тууралуу мэр “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүнүн жүрүшүндө айтты. Ал адамдар жашап жаткан үйлөр сүрдүрүлүп жатат деген маалымат чындыкка дал келбей турганын, буга чейин бузулган 43 объектинин баары коммерциялык жана башка багыттагы имараттар болгонун маалымдады.

Мэрдин маалыматы боюнча, аталган аймакта жалпысынан 1089 объект текшерилип, анын 150гө жакыны жер мунапысынын алкагында мыйзамдаштырылса болору белгилүү болгон. Ал калган 236 объект мунапыстын акыркы мөөнөтү болгон 2021-жылдын декабрынан соң курулганын айтты.

Жунушалиев бул жер тилкелерин бөлүп берүүгө катышы бар мамлекеттик кызматкерлер болсо, жоопкерчилиги караларын кошумчалады.

“Көк-Жардын маселесин чечүүнүн ар кыл жолдорун карап жатабыз. Ошол жакта жашап жаткандардын маселесин чечүү үчүн президентке сунуш бердик”, - деди Жунушалиев.

Бул сунуштун алкагында мыйзамсыз делип үй-жайы бузулуп, кыйын кырдаалга туш болгон жарандарга өзгөчө тартип менен ипотекалык турак жай берүү сунушу каралган.

Ушул тапта жер-жерлерде, өзгөчө Бишкек менен Ош шаарларында “кызыл сызыкка” чыгып кеткен, мыйзамсыз салынган делген турак жайлар, дубалдар жана башка курулуштар бузулуп жатат.

Жакында эле Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунун 172-контурундагы айдоо жерлерине салынган имараттарды буздуруу учурунда чыр чыккан. Бул аймакта үй курган жарандар президентке кайрылып, турак жайын бузбоону суранууда.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) сөз болуп жаткан аймактагы жерлерге турак жай салууга мыйзамсыз уруксат берген деген кине менен төрт адамды кармап, аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып койду.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *