Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Президент там-ташы бузулгандарга ипотекалык үй берүүнү тапшырганын айтты

Президент Садыр Жапаров буга чейин мыйзамсыз тилкелерге турак жай салып, учурда үйү түртүрүлүп жаткан жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй берүүнү тапшырганын билдирди.

Бул тууралуу президент 15-августта “Кабар” агенттигине курган маегинде айткан. Ал 2005-жылкы ыңкылаптан бери жерлерди өзүм билемдик менен басып алып там салып жашап жаткан он миңдеген кожолуктун үйлөрүн бийлик мыйзамдаштырып бергенин айтты.

Бирок 2021-жылга чейин салынган гана үйлөргө документ берилгенин, айрым аймактардагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, алар менен чогуу иш кылган адамдар бош жаткан жерлерге документ жасап, сатып акча жасаган учурлар бар экенин кошумчалады. Садыр Жапаров мамлекет турак жай түшкөн бардык жерди мыйзамдаштыра берсе айыл чарба жерлери тарып, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келерин билдирди.

Там-ташы буздурулгандар чындап эле жашай турган жери жок болсо Мамлекеттик ипотекалык компаниядан кезексиз үй берилерин да айтты.

“Үй салчу жерлерибизге эң жок дегенде көп кабаттуу үйлөрдү салалы. Бир киши батчу жерге он кишини батыралы. Бизден кийин да урпактарыбызга жашоо бар экенин унутпайлы.

Альтернативдүү сунуш боюнча сурооңузга, мен дайыма "үйү снос" болуп жаткан жарандарыбызды талаада калтырбагыла, МИКтен кезексиз үй бергиле деп мэрлерге айтып жатам. Эгер чындап эле үйү "снос" болуп жаткан жарандарыбыздын башка жакта жашоого мүмкүнчүлүгү жок болсо, МИКтен үй беребиз”, - деген президент.

Ушул тапта жер-жерлерде, өзгөчө Бишкек менен Ош шаарларында “кызыл сызыкка” чыгып кеткен, мыйзамсыз салынган делген турак жайлар, дубалдар жана башка курулуштар бузулуп жатат.

Жакында эле Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунун 172-контурундагы айдоо жерлерине салынган имараттарды буздуруу учурунда чыр чыккан. Бул аймакта үй курган жарандар президентке кайрылып, турак жайын бузбоону суранышкан.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *