Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШнын Финансы министрлиги Кыргызcтанда ачылган Grinex аттуу криптобиржага санкция салды

АКШнын Финансы министрлиги Кыргызcтанда ачылган Grinex аттуу криптобиржага санкция салды. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) 14-августта тараткан маалыматында айтылат.

Маалыматка караганда, Grinex криптобиржасын 2019-жылы АКШнын “кара тизмесине” илинген Garantex Europe OU ( Garantex) криптобиржасынын мураскери деп атаган. OFAC Garantex биржасынын үч жетекчисине жана зыяндуу кибер ишмердик жүргүзгөн Орусия менен Кыргызстанга байланышы бар алты компанияга чараларды көрүп жатканы айтылат.

АКШнын Финансы министрлиги тараткан маалыматка караганда 2019-жылы Эстонияда негизделген Garantex биржасы Conti, LockBit жана Ryuk деп аталган зыяндуу программалар аркылуу кылмыштуу аракеттерди жүргүзгөн. 2022-жылы бул биржанын Эстониядагы лицензиясы жокко чыгарылганы менен ишмердигин уланта берген.

2025-жылы Америка жана Европанын органдары Garantex'тин доменин бөгөттөп, 26 миллион долларынын эсебин жапкан. Мына ушундан кийин бул биржанын клиенттери жана активдери Кыргызстанда ачылды делген Grinex криптобиржасына көчүрүлгөнүн жана бул компанияны Garantexтин кызматкерлери “санкцияларды кыйгап өтүү” үчүн атайын түзүлгөнүн АКШнын Финансы министрлиги маалыматында белгилеген.

Кошмо Штаттар Молдовадан качып чыгып, Орусияда жүргөн олигарх Илан Шорго таандык делген жана Орусиянын санкцияга илешкен Промсвязьбанкына байланышкан А7 төлөм системасын да "кара тизмеге" киргизген.

Grinex криптобиржасы тууралуу июнь айында Financial Times басылмасы жазып чыккан. Медиа аталган биржа быйыл февралда Кыргызстандын аймагында уюшулганын маалымдайт. Аянтчада соодаланып жаткан A7A5 аттуу токен, башкача айтканда криптовалютанын түрү ошол эле убакта Кыргызстанда расмий жүгүртүүгө чыкканы баяндамада айтылган эле. Буга чейин “Азаттык” бул криптобиржа тууралуу кеңири материал жарыялаган.

Кыргыз тарап криптобиржанын АКШ санкциясына илингенине байланыштуу комментарий бере элек. Бирок буга чейин өкмөт өкүлдөрү Орусияга салынган санкцияларды кыйгап өтүүнү көздөгөн аракеттерге чаралар көрүлүп жатканын жана бул жаатта АКШ, Европа Биримдиги баштаган бир нече өлкөнүн расмий органдары менен тыгыз кызматташтыкта экенин билдирген.

Өлкө президенти Садыр Жапаров 15-августта “Кабар” агенттигине курган маегинде “Биз жактан Орусияга кирген санкциялык товарларды кыйгап өткөн бир дагы факты жок” деп билдирди.

“Болсо бизге доомат коюп жаткан өлкөлөр далилдерди бетибизге коюп берсин. Андай маселе жок. Тескерисинче, Орусияга санкция салган мамлекеттер өздөрү түздөн-түз Орусия менен миллиарддаган долларларга кызматташып жаткан фактылар бар. Аны ошол эле ар кыл эл аралык медиалардагы кесиптештериңер жарыялап келишет. Экинчиден, биздин өлкөгө Илон Шорбу, Илон Маскпы же башкасыбы келип бизнес кылабыз десе келе беришсин. Мындан трагедия кылыштын кереги жок”, - деп билдирди кыргыз президенти.

Илан Шор - Молдовада банктык алдамчылык менен 1 млрд долларды уурдоого айыпталып, 15 жылга соттолгон жана 2019-жылы үй камагынан качып чыгып, кийин орус жарандыгын алган олигарх.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *