Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Садыр Жапаров: Илан Шорбу, Илон Маскпы бизнес кылабыз десе келе беришсин

Президент Садыр Жапаров Молдовада 15 жылга соттолгон, коррупциялык иштерде аты аталган Илан Шордун Кыргызстандагы иштерге байланыштуу маалыматтарга комментарий берди.

Мамлекет башчы Батыш өлкөлөрү Орусияга салган санкциялык товарлар Кыргызстан аркылуу өтүп жатканы тууралуу бир да факты жок экенин, тескерисинче, Орусияга санкция киргизген мамлекеттер өздөрү бул өлкө менен миллиарддаган долларларга кызматташып жаткан фактылар бар экенин айтты.

“Экинчиден, биздин өлкөгө Илан Шорбу, Илон Маскпы же башкасыбы келип бизнес кылабыз десе келе беришсин. Мындан трагедия кылыштын кереги жок. Биз көп тармактуу саясат жүргүзүп келебиз, баары менен кызматташууга даярбыз. Мындан ары да бул саясатыбыз өзгөрбөйт. Ким болбосун биздин өлкөгө келип, экономикалык салым кошобуз десе келе беришсин. Биздин эшигибиз баары үчүн ачык. Баары менен экономикалык жактан кызматташууга даярбыз. Саясий жагын болсо жети өлчөп бир кесебиз”, - деди Жапаров.

16-апрелде Молдовадагы IPN маалымат агенттиги “Капитал банк” жана ага Илан Шордун байланышы тууралуу маалымат жарыялаган.

Анда АКШ Кыргызстандын “Керемет банкына” санкция салгандан үч айдан кийин “Капитал банк” санкцияга илинген орусиялык компаниялар, анын ичинде “Орусиянын аскердик банкы” деп эсептелген “Промсвязьбанк” менен иштешкен негизги каржы мекемеси болуп калганы жазылган.

IPN маалымат агенттиги Интерпол аркылуу издөөгө алынып, АКШнын санкциясына кабылган Илан Шор жана A7 фирмасы, “Борбор Азиянын Капитал банкы” Орусиянын армиясын курал-жарак менен камсыз кылган кытайлык компаниялардын ортосунда финансылык операцияларды уюштуруп жатканын билдирген.

Кыргызстандын президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы бул маалыматты четке кагып, “Капитал банктын” акцияларынын 100% Финансы министрлигине таандык экенин, бул банк тескеричинче санкцияларга кабылган акчаны жүгүртүүгө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу боюнча иш-чаралардын алкагында түзүлгөнү билдирген.

“Азаттык” июлда жарыяланган журналисттик иликтөөдө Илан Шордун Орусиядагы А7 компаниясы Бишкекте “А7-Кыргызстан” аттуу компания ачып, “Олд Вектор” аттуу фирма аркылуу A7A5 аттуу токен же стейблкоинди сатыкка чыгарганы аныкталган.

Илан Шор Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча жумушчу топтун курамына да кирген.

Илан Шор Молдовада банктык алдамчылык менен 1 млрд долларды уурдоого айыпталып, 15 жылга соттолгон жана 2019-жылы үй камагынан качып чыгып, кийин орус жарандыгын алган олигарх. Молдованын бийлиги 2024-жылы Шорго ага чейинки шайлоолордогу добуш сатып алуу боюнча да кине койгон, ал өзү бул айыптоолорду четке кагып келет. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *