Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргызстанда балдарды мектепке негизги каттоо аяктады

Агартуу министрлиги мектепке негизги каттоо 13-августта аяктаганын расмий маалыматында билдирди. Бирок системада 75 миңге жакын бала эч бир мектепке катталбай турат.

Алардын билим алууга болгон укугун коргоо максатында, ошондой эле жарандардын кайрылууларын, айрым мектептерде квота көбөйтүү боюнча аймактык билим берүү органдарынан келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен Агартуу министрлиги ушундай учурлар үчүн гана 13-15-августунда кошумча квоталарды ачуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Системага ашыкча жүк келтирбөө жана андан улам чыккан көйгөйлөрдү алдын алуу үчүн ушул үч күндө «Каттоону жокко чыгаруу» баскычы убактылуу өчүрүлгөн.

15-августта болсо балдарды мектепке негизги каттоо аяктады. Эми катталган балдар тууралуу бардык маалыматтар "Күндөлүк" системасына берилип, анда мектеп администрациялары класстарды бөлө башташат.

"Бардык ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр ушул жылдын 5-сентябрынан кечиктирбестен (белгиленген формадагы) баланын ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасын, (белгиленген формадагы) алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасын бала катталган мектепке тапшырууга милдеттүү", - деп жазылат министрликтин маалыматында.

Ал эми 18-августтан 30-сентябрга чейин "Электрондук каттоо" жүргүзүлөт. Эгер зарылчылык жаралса, ата-энелер мурунку каттоону жокко чыгарып, баланы бош орун бар башка мектепке кайра каттай алышат.

Июнь айынын этегинде Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Бишкек шаарында каттоосу жоктор балдарын өздөрүнө жакын мектептерге каттата албай жатканын билдирген.

Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева онлайн каттоо системасы бюрократияны жок кылуу максатында киргизилгенин белгилеп, анда эч бир ата-энеден тастыктама талап кылынбай турганын маалымдаган.

Кыргызстанда 1mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге 1-2-класстар үчүн онлайн кабыл алуу марттын ортолорунан тарта башталган. Кабыл алуу Tunduk мамлекеттик тиркемеси жана MegaPay, О!Деньги жана башка тиркемелер аркылуу да жүрүп жатат.

Биринчи этапта – 22-марттан 2-июнга чейин ата-энелер балдарын катталган жерине жакын мектептерге жаздырышкан. 2-июнда башталган экинчи этапта ата-энелер балдарын каалаган мектептерине (бош орун болсо) каттатты. Экинчи этап 15-августка чейин уланды.

Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык билим берүү боюнча “Алтын казык” деп аталган жаңы мамлекеттик программаны сунуштаган. Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. 10-11-12-класстарда кесипке багыт бериле баштайт. Түзүлгөн окуу пландарында 11 кесипке үйрөтүү каралган.

Анын алкагында 2019-жылы туулган балдар 1-класска барышат. (KS)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *