Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ысык-Көл: Эс алуу жайлары көлдү калдыктардан тазалоого милдеттендирилди

Ысык-Көлдүн жээгинде рекреациялык объектилерин, чарбалык жана башка ишмердүүлүктү жүргүзүп келгендер же болбосо ижарачылар көл жээгин жана көлдүн ичин атайын техниканын жардамы менен түрдүү калдыктардан тазалап турууга милдеттендирилди. Бул тууралуу 2025-жылдын 13-августундагы № 199 мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдө белгиленген. Маалымат Toktom.kg сайтына жарыяланды.
Талаптардын өз убагында аткарылышы, атайы техниканын тартылышы, өз убагында тазалоо иштеринин жүрүп жатканы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдарга жүктөлдү.
Мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелер аткарылбаса, административдик жоопкерчилик каралган. Мыйзам жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирди.
Бийликтин тапшырмасы менен соңку жылдары көлгө браконьерлер коюп кеткен кытай торлору чечилип, жайкы эс алуу мезгили аяктаган же башталар алдында тазалоо иштери жүргүзүлүп келет. Бул иштерге ӨКМдин кызматкерлери тартылат.
"Таза Ысык-Көл" коомдук фондунун суучулдары келип, жыл сайын көлгө ыргытылган бөтөлкө, тор, шамал айдап барган түрдүү буюмдарды алып чыгып турат. Бул иштерди алар ыктыярдуу негизде жүргүзүп, акы албайт.
Ал эми көл жээгинде иш алып барган эс алуу жайлары, пансионаттар же санаторийлер көлдүн ичин таштандыдан буга чейин тазалаган эмес. Алар жээкке жакын кум үстүн гана тазалап, эс алуучуларга шарт түзүп турат.
Былтыркы сегиз айда Ысык-Көлдөн алты тоннадай акыр-чикир, 40 миң метр балык кармоочу тор чыгарылган. 2023-жылы болсо жалпысынан 22,5 миң тоннадан ашык таштанды, 218 миң метрдей тор алынып чыккан.
Ысык-Көлдө башаламан салынган эс алуу жайлары, алардан чыккан саркынды суулар көлдү булгап жатканы, балык уулаган браконьерлер көлдүн экологиясын талкалап жатканы айтылып келет.

“Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген. (KS)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *