Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Израилде туткундарды бошотуу, согушту токтотууну талап кылган акция өттү

Израилдин Тель-Авив шаарында 17-августта Газа тилкесинде 2023-жылдын 7-октябрынан бери барымтада кармалып тургандарды бошотууну, согушту токтотууну талап кылган жапырт акция өттү.

Туткундарды АКШ, Европа жана Израилде террордук уюм деп табылган ХАМАС радикал тобу барымтага алган. Акцияга чыккандар Израилдин желегин жана барымтага алынгандардын сүрөттөрүн көтөрүп турду.

"Биз Израилдин өкмөтүнө бир гана жөнөкөй талап коебуз: акыркы туткунду алмашып, анын ордуна согушту токтотуу тууралуу план сунушталсын!" — деди Nova фестивалында каза тапкан Наоми Абирдин энеси нааразылыкка чыккандардын атынан жазылган кайрылууну окуп жатып.

Көптөгөн израилдиктер жапырт акцияга кошулуп, жумушка чыккан жок. Бул күнү таң эрте өлкөдө жолдор тосулуп, негизги магистралдарга, анын ичинде Тель-Авив-Иерусалим шоссесинде транспорт кыймылы чектелди.

Полиция акциянын катышуучуларын суу бүркүп таратууга аракет кылды. Хайфа шаарында нааразылыкка чыккандарга күч колдонулду. Шаардын порту да ишин токтотту. Анда иштегендер: "Бул жерде оңчул, солчул деген жок. Бул жерде жумушчулардын тилектештиги, үй-бүлөлөрдүн кайгысын бөлүшүү, алар жакындары менен тезирээк көрүшсүн деген изги тилек бар", - деп түшүндүрүштү.

Иерусалимде ондогон демонстрант стратегиялык маселелер боюнча министр Рон Дермердин үйүнүн алдына чогулуп, согушту токтотуу жана туткундарды куткаруу тууралуу келишим түзүүнү талап кылышты.

Акцияны технологиялык компаниялар, муниципалитеттер, аэропорттор, алдыңкы университеттер да колдоду.

Тель-Авивде аянтта чогулгандарга Израилдин премьери Ицкак Герцог чыкты.

"Газанын коркунучтуу туннелинде жаткан туткундарга айткым келет: биз силерди бир мүнөт да унуткан жокпуз. Силердин үйүңөргө кайтышыңар үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз", — деди Герцог.

Жекшембидеги акцияда ондогон киши кармалганы кабарланды.

Премьер-министр Биньямин Нетаньяху акция тууралуу комментарий берип жатып, барымтадагыларды бошотуп алуу үчүн палестиналык ХАМАС тобун талкалабай туруп согушту токтотуу талабы аткарылса, 7-октябрдагы окуялар кайталанышы мүмкүн экенин айтты.

Барымтага алынгандардын жакындары болсо Нетаньяхуну аракетсиздик жана сүйлөшүүлөрдүн создугуп жатканы үчүн айыпташты.

"Туткундар лозунг эмес. Алар кемелер үчүн курал эмес жана тыйын эмес. Туткундагы 49 киши жана бир аял - биздин бир туугандар. Аларды кайтаруу үчүн жоопкерчилик силерде", — дешти алар.

Ашынган оңчул саясатчылар - каржы министри Бецалель Смотрич менен улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир акцияга чыккандарды сындап, алардын аракети ХАМАСтын чырагына май тамызарын билдиришти.

ХАМАС Газада азыр 49 кишини барымтада кармап турат. Мындан тышкары туткунда былтыр каза болгон жоокердин сөөгүн да бере элек. Акыркы маалыматтарда азыр 20дай киши гана тирүү экени айтылып жатат.Газадагы чабуулдар ХАМАСтын согушкерлери 2023-жылдын 7-октябрында Израилдин аймагына кол салып, миңден ашуун кишини өлтүрүп, жайкын тургундарды барымтага алып кеткенден кийин башталган.Андан бери Газада Израилдин аба чабуулдарынан жана жердеги операцияларынан оң миңдеген адамдын өмүрү кыйылды.Жалпысынан Газада ок атышуу бир нече айга токтогону менен согушту толук аягына чыгаруу боюнча дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек. Анклав күн сайын бомбаланып, аткылоого туш болуп келатат. Жашоочулар ачарчылыктан жапа чегүүдө.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *