Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

“Апрель” телеканалы жабылганын билдирди

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев түптөгөн “Апрель” телеканалы жабылганын билдирди. Канал бул тууралуу 18-августта Фейсбуктагы баракчасына жана Телеграммдагы каналына маалымат жарыялады. Анда “Апрелди” жабуу тууралуу соттун чечими канчалык адилетсиз болсо да ал аткарылышы керектиги белгиленген.

9-июлда Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Төлөндү Самаков “Апрель ТВны” жабуу чечимин чыгарган. Чечимде аталган редакциянын бардык социалдык түйүндөрдөгү баракчаларын өчүрүү жана бөгөттөө талабы коюлган. Август айынын башында анын YouTube платформасындагы баракчасы иштебей калган.

24-апрелде Октябрь райондук прокуратурасы “Апрель ТВга” каршы райондук сотко кайрылганы белгилүү болгон. Редакция өкүлдөрү бул тууралуу доо арыздын көчүрмөсүнөн билгенин, анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери тергөөгө чейинки териштирүү жүргүзүп, телеканалдын ишмердүүлүгүнөн деструктивдүү фактыларды аныктаганы жазылганын кабарлашкан. Арызда “коомдук коопсуздукту коргоо, укук бузуучу маалыматтардын жайылышын алдын алуу жана жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы мыйзамдуулуктун сакталышын камсыздоо” деген жүйө келтирилгени айтылган.

Сот ишинин башталышына Республикалык психиатрия жана наркология борборунун “телеканалдын алып баруучуларынын сарказмы, мимикасы бийликке болгон ишенимди жоготот” деген бүтүмү негиз болгон. Экспертизанын мындай жыйынтыгы коомдо кызуу талкууланган.

Соттук териштирүү учурунда лингвист Таалайбек Абдыкожоев телеканалдын материалдарынан башаламандыкка, зомбулукка жана кастыкка чакырыктарды көрө албаганын айткан. Ал журналисттердин ишинен өлкөдөгү окуялар тууралуу терс баа байкоого болорун, бирок ал мыйзам бузуу эмес экенин билдирген.

Телеканалды мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2018-жылы түптөп, 2022-жылга чейин каржылаган. Андан кийин демөөрчүлөрдүн колдоосу менен обого чыгып жүргөн. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *