Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Байсалов дарыгерлерге “чай пул” берүү өкмөттүн позициясы эмес экенин айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дарыгерлерге “ыктыярдуу кошумча төлөм” же “чай пул” берүү демилгеси өкмөттүн расмий позициясы эмес экенин айтты.

Анын маалыматына караганда, бул тууралуу Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократияны азайтуу иши менен алектене турган ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында гана сөз болгон.

“Кафеде адамдарды тейлеген (официант) кызматкерлерге бериле турган чай пулду дарыгерлерге байланыштыруу медицина кызматкерлерин басынтат. Кандайдыр бир төлөмдү мыйзамдаштыруу – өткөн жылдардын иши”, – деди ал.

19-августта юстиция министри, Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун жетекчиси Аяз Баетов адамдарды тейлеген кызматкерлерге (официант) “чай пул” берүү жакшы, ал эми дарыгерлерге келгенде бул пара деп эсептелгени туура эмес экенин айткан. Бул коочулукта талкуу жаратып, муну коррупцияны мыйзамдаштыруу катары баалап жатышат.

Аяз Баетов 20-августта “дарыгерлерге чай пул берүүнү мыйзамдаштыруу” боюнча талкуу жараткан билдирүүсүнө түшүндүрмө берди. Ал “чай пул берүүнү мыйзамдаштыруу” жөнүндө сөз болбогонун, бул формулировканы “медиалар контексттен бурмалап алганын” айтты. Министр Фейсбуктагы баракчасына жыйында “ыктыярдуу кошумча төлөм” идеясы талкууланганын, бул дарыгерге ыраазычылык билдирүүнүн ачык механизми болорун жазды.

Министр “ыктыярдуу кошумча төлөм” көзөмөлгө алынып, сөзсүз касса аркылуу өтүп, белгилүү бир чектен ашпаган суммада болорун кошумчалады. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *