Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Садыр Жапаров кыргыз банктарына салынган санкция боюнча Трамп менен Стармерге кайрылды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын “Керемет банк” менен “Капитал банкына” АКШ жана Улуу Британия салган санкциялар тууралуу комментарий берди. Мамлекет башчынын маеги 21-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине чыкты.

Президент Орусияга салган санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берип жатат деген негиз менен 2025-жылдын январь айында АКШ “Керемет банкка” санкция киргизгенин, бирок бир да факты көрсөтө алышпаганын, азыр да санкцияларды айланып өткөн факты жок экенин айтты.

Ошондой эле АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигериге көз карандысыз аудитордук компанияларды жалдап “Керемет” жана “Капитал” банктарды текшертели деген сунуш берилгенин, бирок ал андан баш тартканын билдирди.

“Эми минтип дал эле “Керемет банкка” Америка санкция салгандай “Капитал банкка” да Англия санкция салып жатат. Эч бир далил да көрсөтө алышкан жок. Баягы эле күмөн саноо. Ушундан улам мага дагы күмөн саноо ой келет. Кыргызстандын экономикасы жогорку темп менен өсүп жатканын көрүп, билип турушат да. Мисалы ИДӨбүз 11,7% чейин өсүп, КМШ өлкөлөрүнүн алдында бара жатабыз. Ушундан улам биздин үстүбүздөн басым жасоо иш-аракеттерин кылып жатышат деп ойлойм. Үлкөн мамлекеттер башка мамлекеттердин тез өнүгүп кетишин каалабайт эмеспи. Баары алардын көзүн карап, сурамчыланып жүргөнүн эле каалашат да. Ошондуктан мен бул өлкөлөрдүн жогорку жетекчилери, Дональд Трампка жана Кир Стармерге кайрылат элем. Балким, аларга маалымат жетпей жатат. Экономиканы саясатташтырбагыла. Биз көп векторлуу саясат жүргүзүп келе жатабыз. Силер менен да экономикалык жактан кызматташуудабыз. Мисалы, Англия мамлекетине эле жылына миллиард долларга алтын сатабыз. Анан мындай бизге кылган мамилеңер адилеттүүлүккө жатпайт. Ошондуктан ишенбесеңер ошол маалыматтарыңарды көтөрүп алып келгиле бизге. Банк бардык маалыматтарды ачык көрсөтүп бергенге даяр”, - деди Садыр Жапаров.

Улуу Британия “Капитал банкка” жана анын директору Кантемир Чалбаевге санкция киргизди. Лондон Орусия бул банкты аскердик товарларды сатып алууга пайдаланганын жана бул үчүн криптобиржа да колдонулганын билдирди. Кыргызcтанда ачылганы айтылган Grinex аттуу криптобиржа да Улуу Британиянын санкциясына илинди.

Financial Times эл аралык басылмасы Garantex жана анын уландысы Grinex жөнүндө быйыл 25-июнда жазып чыккан. Басылма анда Grinex аттуу криптобиржа быйыл февралда Кыргызстандын аймагында уюшулганын маалымдаган. Аянтчада соодаланып жаткан A7A5 аттуу токен, башкача айтканда криптовалютанын түрү ошол эле убакта Кыргызстанда расмий түрдө жүгүртүүгө чыкканы баяндалган.

Журналисттер Grinex’теги капчыктарды жана алып-сатууларды анализдөөнүн жыйынтыгында, биржа ачылгандан берки төрт ай аралыгында анда 9 млрд 300 млн долларлык токен айлантылганын эсептеп чыгышкан.

Улуу Британия бул маалыматты бышыктап, сөз болуп жаткан криптобиржа Батыш өлкөлөрү Орусияга салган санкцияларды айланып өтүү үчүн иштелип чыкканын кошумчалады.

15-январда АКШнын Каржы министрлиги чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы санкциялар топтомун жарыялап, Кыргызстандагы “Керемет банкка" санкция киргизген. АКШ бул банк эл аралык санкцияларды кыйгап өтүү схемаларын жүзөгө ашыруу үчүн орусиялык расмий өкүлдөр жана АКШнын “кара тизмесиндеги” “Промсвязьбанк” менен иштешип, аталган банктын атынан сыртка каражат которуп турган” деп маалымдаган.

“Керемет банктын” 97,45%, ал эми “Капитал банктын” 100% акциясы Финансы министрлигине таандык. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *