Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Жоомарт Карабаев сотто кыргыз тилинде жооп берерин айтып, отурум башка күнгө которулду

Бишкек шаардык сотунда Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин апелляциялык арызы каралып, отурум 3-октябрга жылдырылды. Буга котормочу зарылдыгы себеп болду. Анткени отурумда Карабаев суроолорго кыргыз тилинде жооп бере турганын айтты.
Буга чейин соттук отурумдар кыргыз жана орус тилдеринде өтүп келген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл май айында Карабаевди күнөөлүү деп таап, пробациялык үч жылдык жаза чегерген.Ошондой эле ага 50 миң сом айып пул салган. Буга каршы жактоочулар шаардык сотко апелляциялык арыз жазышкан.

Буга чейин Карабаев "Азаттыкка" учкай комментарий берип иш жетиштүү тергелбегенин, прокурорлор бир канча жолу алмашканын айтып, тагылган айыпты мойнуна албай турганын айткан.

Карабаев былтыр июлда Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) суракка чакырылгандан кийин камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" жана "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык" деген беренелери менен айып коюлган.

Төрт айдан кийин, 31-октябрда аны Биринчи май райондук соту эч жакка чыкпоо тил каты менен бошоткон. Буга анын апасы сыркоолоп, ооруканада жатканы, каралаша турган киши керектиги тууралуу жүйө негиз болгон.
Быйыл апрелде социалдык тармактарга Карабаев менен Улуттук илимдер академиясынын бөлүм башчысы Айнуру Алтыбаеванын сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Анда Карабаевге кызматтан өз арызы менен кетүүсү сунушталып, болбосо УКМКнын кызматкерлери аны камакка алары эскертилип жатканы айтылган. Алтыбаева муну жалаа жабуу деп атаган.
Карабаев айрым кылмыш иштери боюнча илимий экспертиза жүргүзгөн кызматкерлердин бири болчу. Өзү "УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамсыз ишин ачыктаганым үчүн куугунтукка кабылдым” деп билдирген. УКМК буга байланыштуу комментарий берген эмес. (КЕ/ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *