Нарында жол салып жаткан “Бета Групптун” мүлкү камакка коюлду
Нарын облустук ички иштер башкармалыгы Нарын шаарындагы Ленин жана Жумамүдүн Шералиев атындагы автоунаа жолдорун салуу боюнча тендерди утуп, кийин ишти аягына чыгара албай калган “Бета Групп” ишканасынын техникалары, завод жана башка мүлктөрү камакка коюлганын билдирди.
Облустук милициянын маалыматында жумушчулар “Бета Групптан” айлыгын ала албай жатканын айтып, жалпы 15 арыз жазышкан. Милиция компания жумушчулардын маянасын төлөп бербесе, анын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүнүн эсебинен акча соттун чечими менен өндүрүлүп берилерин кошумчалады.
Андан тышкары “Бета Групп” ишканасынын башкы директору (Т.Б.) жана бухгалтер кызматкерлери боюнча да тергөө иштери жүрүп жатканы бегилүү болду.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен “Бета Групптун” ортосундагы келишим жокко чыгарылып, эки тараптын өкүлдөрү кирген комиссия ушул тапта компаниянын буга чейин жасаган иштерин өткөрүп алууда.
Нарын шаарындагы жолду жасоо иши кечеңдеп, бүткөн жерлердеги жолдун сапатына эл нааразы болгондуктан транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев, “Бета Групп” компаниясынын ээси Мирлан Амантуров, “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын башкы директору жана Жол куруу башкармалыгынын директору кармалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылууда.
Бул окуядан кийин Ленин жана Шералиев көчөлөрүнүн курулушун Транспорт министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасы аягына чыгармай болгон.
Июнь айынын аягында Нарын шаарынын тургундары калаанын көйгөйүн ырга салып, жыйынтыгында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарынга барып, жыйын өткөргөн. Анда Ленин жана Шералиев көчөсүн оңдоп жаткан “Бета Групп” ишканасын кескин сындаган. Шералиев көчөсүн оңдоо ишин 15-августка чейин бүтүрүү тапшырмасы берилген.
Нарындын тургундары жол сапатсыз курулуп, өз убагында бүтпөй жатканын социалдык тармактарга кайра жазып чыккан.
Буга чейин “Азаттык” жалпы баасы 844 млн сомго бааланган Ленин жана Шералиев көчөсүн “Бета Групп” деген компания салып жатканын, аталган ишкана Бишкек шаардык мэриясынын “кара тизмесине” илингенин жана жетекчиси эки жолу камалып чыкканын иликтеген. (BTo)