Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Келерки жылга ажылык сапарга каттоо 23-сентябрда башталат

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2026-жылы ажылыкка барууну каалаган адамдардан документ кабыл алуу 23-сентябрда башталарын билдирди. Жаңы талапкерлер "Элдик Банктын" ажылык сапар эсебине алдын ала баштапкы 2000 АКШ доллар жана кайтарымсыз 1200 сом төлөшү керек. Төлөм квота толгон убакытка чейин кабыл алынат, толгондо төлөм кабыл алуу токтотулат.

Муфтияттын маалыматына караганда, ажылыкка талапкерлер банкка каражатты төлөгөн убактысын эске алуу менен квитанциясынын негизинде Кыргызстан боюнча бирдиктүү тизме менен каттоого тургузулат.

23-сентябрдан баштап 2-октябрь (2-октябрды кошо эсептегенде) саат 17:00гө чейин керектүү иш кагаздарын толуктап, облустук жана шаардык казыяттарга караштуу аймактык операторлорго барып катталуу зарыл. Мөөнөтүнөн кечиккен жарандар каттоого алынбайт.

2026-жылдагы ажылыкка каттоо тартиби бир гана электрондук (Eid) же ID паспорттун негизинде жүргүзүлөт. Ажылык сапарга каттоо тартиби боюнча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын сайтынан таанышууга болот.

Муфтият 2026-жылдагы ажылык сапары үчүн авиакомпаниялар ортосунда сынак 10-сентябрдан 6-октябрга чейин болорун билдирди.

Сауд Арабиясынын Ажылык жана умра министрлиги 2025-жылдагы ажылык үчүн Кыргызстанга 6 миң квота бөлгөн. Быйыл канча квота бөлгөнү айтыла элек.
Буга чейин Сауд Арабиясынын Саламаттык сактоо министрлиги ажылык сапарга бара тургандарга бир катар медициналык талаптарды койгон. Ага ылайык, гемодиализ алып жаткандар, кычкылтек бет кабын колдонууну талап кылган өнөкөт өпкө оорусу, боор циррозу, химиотерапия алып жаткан рак оорусу барларга ажылыкка барууга уруксат берилбейт. Бул тизмеге кургак учук сыяктуу жугуштуу ооруларга кабылгандар, өз алдынча кыймылдай албагандар да кошулган.

Ажылык – ислам дининдеги негизги беш парздын бири. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *