Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Непалда соцмедианы чектөө аракети ишке ашкан жок, нааразылык уланууда

Непалдын борбор калаасы Катмандуда өкмөттүн кеңсеси жайгашкан Сингха Дурбар сарайы деп аталган ири имарат күйүп кетти. Жергиликтүү Online Khabar басылмасы жарыялаган видеодон имарат дээрлик толук өрттөнүп жатканын көрүүгө болот.

1908-жылы курулган Сингха Дурбар сарайын өлкөдө 8-сентябрда башталган ири нааразылык акциясынын катышуучулары өрттөштү. Өзүлөрүн "Z муундун протести" деп атаган митингдердин башталышына жана башаламандыктын тутанышына бийликтин эл арасында эң популярдуу социалдык түйүндөрдү бөгөттөө чечими себеп болгон.

Жаалданган топтор, миңдеген кишилер президенттин, парламенттин жана Жогорку соттун, полициянын кеңселери жайгашкан имараттарды да талкалап, азыркы жана мурдагы аткаминерлер жашаган үйлөргө кол салышты. Мурдагы премьер-министр Жала Натха Кханалдын жубайы үйүндө тутанган өрттөн каза болгону кабарланды.

9-сентябрдын кечинде өкмөт социалдык түйүндөргө тыюу салган чечиминен баш тартканына карабастан нааразылык акциялары уланды.

Митингде алгач социалдык түйүндөр маселеси көтөрүлүп чыкканы менен эми алар өлкөдөгү коррупцияны жоюу талабын коюуда. Демонстранттар максаты тынч акция болгонун, бирок полиция аларга күч колдонгондуктан ушундай нааразылык тутанганын айтып жатышат.

8-сентябрда Катмандуда парламент имаратынын алдына он миңдеген киши чогулуп, ичине кирүүгө аракет кылганда полиция аларга суу бүркүп, көздөн жаш агызуучу газ чачып, желим ок менен аткылаган. Кеминде 19 кишинин өмүрү кыйылганы, дагы 400дөй киши жараат алганы маалымдалды.

Өкмөт абалды жайгарууга полициядан тышкары аскерлерди да тартты, премьер-министр Кей-Пи Шарма Оли жана бир нече министр кызматынан кетти.

Бардыгы 26 популярдуу соцмедиа, арасында Facebook, Instagram, Tik Tok, Youtube "катталуу жана мамлекеттик көзөмөлгө баш ийүү тууралуу жаңы талаптарды аткарган жок" деген негизде өткөн аптада бөгөттөлгөн.

Непалда социалдык түйүндөрдү бизнес, айрыкча туризм үчүн да кеңири колдонушат. Туризм тармагы өлкөнүн экономикасында орчундуу орун ээлейт. (RK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *