Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Жогорку Кеңеште депутат Көкүлов менен төрага кайым айтышты

Жогорку Кеңештин 11-сентябрдагы жалпы жыйынында депутат Эрулан Көкүлов “Ынтымак” фракциясынын 10 мүнөт убактысын алып, Талас районунун Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн ишмердиги тууралуу парламенттин ортоңку трибунасына чыгып сөз сүйлөдү. Анда айыл өкмөттүн жетекчилери жакшы иштебей жатканын, ишке бериле элек мамлекеттик имараттардын ачылышын өткөргөн окуялар бар экенин айтты.

Депутат сүйлөп жатып кесиптештерин тынчтанып турууга жана маанилүү маселени угуп коюуга чакырды.

“Урматтуу кесиптештер, көбүңөргө Кыргызстандын келечеги кереги деле жок. Укпасаңар да жок дегенде тынч отуруп берип койгулачы”, - деди Көкүлов.

Ушул тапта “Элдик” депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев менен талашып-тартыша кетти.

“Ушул жерге өкмөт келсе үнүңөр чыкпай калат. Мен деле силерге урмат-сый менен мамиле кылайын дейм. Бирок өзүңөр эле чындыкты айттырып атпайсыңарбы”, - деп айтты Көкүлов.

Ага берилген убакыт аягына чыккандан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин депутаттарына айтылган сын-доомат тууралуу пикирин билдирди.

“Өкмөт сизден айырмаланып конкреттүү программаларын алып келет. Кунт коюп угуп, суроолорду беребиз. Эгерде сизге окшоп ойду-тоону сүйлөсө анда ага жараша сөз болмок. Аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосуна бир депутат от жакпашы керек”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылы шайланып келген. Анын курамы 90 депутаттан туруп, “Ата Журт-Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман нуру” партияларынын тизмеси менен жана 36 бир мандаттуу округдан шайланып келген депутаттар түзөт.

Ушул тапта кыргыз коомчулугунда Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо болот деген маалыматтар кызуу талкууланып жатат.

Парламенттеги “Альянс” фракциясынын лидери Жанарбек Акаев 1-сентябрда “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү колдой турганын айткан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы (БШК) Тынчтыкбек Шайназаров да эгерде Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатуу чечимин кабыл алса Боршайком ушул жылы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө даяр экенин билдирген.

Коомчулукта “депутаттар маанилүү маселелерде позициясын билдирбейт, президенттик администрациянын мыйзамдарын кабыл алып берген нотариус болуп калды” деген сын айтылып келет. Мындай дооматтарды Нурланбек Тургунбек уулу бир нече жолу четке каккан. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *