Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ТИМ "кара тизмедеги" мигранттар Орусиядан чыгарыларын эскертти

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусияда көзөмөлдөөчү реестрге (“кара тизме”) түшүп калган жана мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандар 11-сентябрдан тартып бул өлкөдөн мажбурлап чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынарын эскертти.

Министрлик быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын 98 миң 670 жараны “кара тизмеден” чыгарылганын кабарлады. Анын ичинен 14 миң 584ү Орусиядан чыкпай эле документтерин тууралап алышса, 84 миң 86 адам Орусиядан чыгып кеткенине байланыштуу “кара тизмеден” чыгарылган.

Сентябрдын башындагы маалыматка ылайык, Кыргызстандын дагы 85 миңден ашык жараны көзөмөлдөөчү реестрде турат.

Быйыл 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим кирген. Ага ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө тийиш болчу. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулар үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.

Орусиянын президентинин 2024-жылдын 30-декабрындагы жарлыгына ылайык, ал жакта мыйзамсыз жүргөн мигранттар 30-апрелге чейин өзүнүн укуктук абалын мыйзамдаштырууга тийиш экени кабарланган. Дипломатиялык сүйлөшүүлөрдөн кийин мөөнөт 10-сентябрга чейин узартылып, ал да аягына чыкты. Эми укуктук абалын жөнгө салбаган мигранттар өлкөдөн чыгарылат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Орусияда 377 миң кыргыз жараны миграциялык каттоого алынганын, жалпысынан бул өлкөдө Кыргызстандын 612 миң жараны бар экенин айткан. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *