Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Шаардык сотто журналист Мамыркулованын иши боюнча отурум болду

11-сентябрда Бишкек шаардык сотунда эркин журналист Канышай Мамыркулованын иши боюнча биринчи соттук отурум өттү. Анда журналисттин үч адвокатынын бири орусча сүйлөй турганын айтып, судьядан ага расмий тилде сүйлөөгө уруксат берүүнү өтүндү. Ишти кароо башынан тартып мамлекеттик тилде өтүп жаткандыктан сот ага котормочу дайындоо тапшырмасын берип, соттук коллегия процессти 6-октябрга жылдырды.

3-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту Канышай Мамыркулованы күнөөлүү деп таап, алты жылга кесип, төрт жыл пробация жазасы менен тергөө абагынан чыгарып, үч жарым ай тергөө абагында отурган журналист сот залынан бошотулган. Анын адвокаттары райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арыз берген.

Журналист айына эки ирет пробация органдарына барып, катталып турууга тийиш. Социалдык тармактарга коомдук тартипке жана бийликке каршы пост, комментарий жазбайт. Өлкөдөн сыртка чыгууга укугу жок. Эгерде жашаган дарегин алмаштырса же башка жакка чыга турган болсо, бул тууралуу пробация органдарына билдирүүгө милдеттүү. Пробация органдарынын программаларына катышууга тийиш.

Журналистке Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн кылмыш иши козголуп, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыкка чакырык” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен айып тагылган.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар кыргыз бийлигине кайрылып, журналистти бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан.

50 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. Акыркы жылдары Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген. (BTo/ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *