Бишкек шаардык сотунда эркин журналист Канышай Мамыркулованын иши боюнча соттук кароо башталды. Октябрь райондук соту июлда аны “Массалык башаламандыкка чакырык” жана “кастыкты козутуу” беренелери менен күнөөлүү деп таап, алты жылга кесип, төрт жыл пробация жазасы менен тергөө абагынан чыгарган.