Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

БУУнун Коопсуздук кеңеши Катардагы чабуулду Израилди атабай туруп айыптады

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши бейшембидеги жыйынында Катардын борбору Дохадагы аба соккуларын Израилди атабай туруп айыптаган билдирүү таратты.

Билдирүү кеңешке мүчө 15 мамлекеттин баарынын өкүлдөрү, анын ичинде АКШ менен кеңешилген.

"Кеңештин мүчөлөрү чыңалууга жол бербөөнүн маанисин белгилешти жана Катарга тилектештик билдиришти. Алар Катардын эгемендиги менен аймактык бүтүндүгүн колдой турганын айтышты", - деп жазылган Улуу Британия жана Франция даярдаган билдирүүдө.

Reuters жарыялаган документтин толугураак текстинде барымтадагылардын бошотулушу, АКШ менен Евробиримдикте террордук деп табылган палестиналык ХАМАС тобунун согушкерлери өлтүргөн туткундардын сөөгүн алуу, Газа секторунда согушту, азапты токтотуу БУУнун башкы максаты бойдон кала берери жазылган.

Израил буга чейин Катарга соккусун ХАМАСтын башчыларын жок кылуу максаты катары түшүндүргөн.

Куралдуу топ соккудан башчылары аман калганын, беш киши каза тапканын, анын ичинде Израил менен сүйлөшүү тобунун жетекчиси Халил ал-Хайи Хамамдын уулу, анын кеңсесин башкарган Жихад Лабад жана үч жансакчы бар экенин жарыялады. Катардын бир аскери курман болду.

Доха Израилдин кадамын "жүзү каралык" деп кескин айыптап, "мамлекеттик терроризм" деп атады.

11-сентябрда Катардын премьер-министри Шейх Мохаммед бин Абдулрахман ал Тани Дохага сокку уруу менен жөөт премьери Биньямин Нетаньяху Газада туткунда жаткандарды бошотуу үмүтүн жокко чыгарганын айтты.

9-сентябрда түштөн кийин Катардын борбор шаарында жарылуулардын добушу жаңырган.

Көп узабай Израилдин куралдуу күчтөрү ХАМАС радикал тобунун Дохадагы баш кеңсесин бутага алганын маалымдаган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *