Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШ бийлиги Кирктин өлүмүнө байланыштуу маалымат үчүн 100 миң доллар убада кылды

АКШнын Федералдык Тергөө башкармалыгы (ФБР) Трамптын жактоочусу Чарли Кирктин өлүмүнө тиешеси болушу мүмкүн деген кишинин сүрөтүн жарыялады.

ФБРдин Солт-Лейк-Ситидеги кызматкерлери сүрөттөгү адам ок аткан кишиби, жокпу так айткан жок. Бирок ал тууралуу маалымат үчүн 100 миң доллар берилерин билдирди.

Көз айнекчен кишинин эки сүрөтү жарыялаганын Reuters жазды.

Буга чейин тергөөчүлөр Киркти атуу үчүн колдонулган делген мылтык табылганын айтышкан. Алар активисттин өлүмүнө шектүү студент болушу ыктымал сүрөттөшкөн.

10-сентябрда Юта штатынын Орем шаарындагы университетте өткөн иш-чарада жарандык активист, Turning Point USA консервативдик студенттик уюмунун негиздөөчүсү Чарли Кирк киши колдуу болгон.

Мойнуна ок тийген Чарли Кирк оор абалда ооруканага жеткирилген жана кийинчерээк АКШнын президенти Дональд Трамп ал каза болгонун жарыялаган.

Юта өрөөнүндөгү университеттин өкүлү Reuters агенттигине Чарли Киркке ок билим берүү мекемесине жакын жайгашкан имараттан атылганын билдирген. Алгач ок аткан адам дароо кармалганы кабарланып, кайра башка адам колго түшкөнү тууралуу маалымат тарады.

Кирк Трамптын жаш шайлоочулардын колдоосуна ээ болушуна жардам берген.

Бейшембиде 11-сентябрдагы теракттын 24 жылдыгына карата Пентагондо өткөн иш-чарада Киркке президенттик Эркиндик медалы берилери айтылды. Бул Кошмо Штаттардын президентинин жарандарга берилчү эң жогорку сыйлыгы болуп саналат.

ФБР шектүү кампуска иш-чара башталганга чейин бир нече мүнөт мурда келген деп божомолдоп жатат.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *