Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Нарындагы жол иши боюнча кармалган транспорт министринин орун басары эркиндикке чыкты

Нарын шаарындагы Ленин жана Жумамүдүн Шералиев атындагы көчөлөрдү салуу ишине байланыштуу кармалган транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев тергөө абагынан чыкты.

Маалыматты “Азаттыкка” транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев ырастап, орун басары азырынча жумушка чыга электигин тактады.

Сентябрь айынын башында Нарындагы жол ишине байланыштуу Талантбек Солтобаев, “Бета Групп” компаниясынын ээси Мирлан Амантуров, Кыргызавтожол-Түндүк мамлекеттик ишканасынын башкы директору (Ч.Б.) жана Жол куруу башкармалыгынын директору (А.Р.) кармалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Нарын шаардык соту төртөөнү тең камакка алган. Алардын адвокаттары кийин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча шаардык сотко арызданган. Калган үч кишинин иши эмне болгону тууралуу маалымат жок. Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы маалыматты тактап берерин билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 31-августта Жалал-Абад облусунун Сузак районунда иш сапары учурунда Нарын шаарындагы Шералиев көчөсүндөгү жолду жасап жаткан “Бета Групп” ишканасынын жетекчисин жана транспорт министринин орун басарын кармоо боюнча телефондон тапшырма берген.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол чарба департаментинин жетекчиси Камилжан Абдыкалыков Нарында подрядчы компания курулушту бүтүрө албай жатканын айткан. Ушул тапта сөз болуп жаткан эки көчөнү министрликтин “Кыргызавтожол–Түндүк” мамлекеттик ишканасы салып жатат.

Июнь айынын аягында Нарын шаарынын тургундары калаанын көйгөйүн ырга салып, жыйынтыгында Камчыбек Ташиев Нарынга барып, жыйын өткөргөн. Анда Ленин жана Шералиев көчөсүн оңдоп жаткан “Бета Групп” ишканасын кескин сындаган. Шералиев көчөсүн оңдоо ишин 15-августка чейин бүтүрүү тапшырмасы берилген.

Нарындын тургундары жол сапатсыз курулуп, өз убагында бүтпөй жатканын социалдык тармактарга кайра жазып чыккан.

Буга чейин “Азаттык” жалпы баасы 844 млн сомго бааланган Ленин жана Шералиев көчөсүн “Бета Групп” деген компания салып жатканын, аталган ишкана Бишкек шаардык мэриясынын “кара тизмесине” илингенин жана жетекчиси эки жолу камалып чыкканын иликтеген. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *