Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Беларус абактан чыккан айрым саясий туткундардын паспортун берген жок

Беларус күч түзүмдөрү 11-сентябрда эркиндикке чыккан айрым саясий туткундардын паспортторун тартып алганын «Азаттыктын» беларус кызматынын журналисти Игорь Лосик билдирди.

«Сүрөттөрдү, бардык документтерди, сот чечимин, баарын тартып алышты», — деди ал.

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановскаянын кеңсеси атайын кызматтын кызматкерлери анархист Николай Дедоктун паспортун айрып салганын билдирди. Паспорттору тартып алынгандарга А4 форматындагы убактылуу кагаздар гана берилген.

«Адамдарды паспортторунан ажыратып, күч менен өлкөдөн чыгарышты. Бул адамдык кадыр-баркты одоно тебелөө гана эмес, адам укуктарынын негизги эрежелерин жана эл аралык укуктун нормаларын бузуу болуп эсептелет», — деп айтылат Тихановскаянын билдирүүсүндө.

Бейшемби күнү Игорь Лосик жана дагы 50 адам Беларустагы абактардан бошотулду. Бул окуя Вашингтон менен Минскинин мамилеси жумшарган учурда саясий туткундарды бошотуу боюнча соңку кадамдардын бири болду.

Эркин Европа/Азаттык радиосунун беларус кызматынын кабарчысы Игорь Лосик 2020-жылдын июнь айында кармалып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Ага «массалык баш аламандык уюштуруу, социалдык жек көрүү жаратуу» жана башка бир нече айып тагылган.

Анын жубайы Дарья Лосик 2022-жылы кармалып, 2024-жылы бошотулган. Күйөөсү камакка алынгандан кийин Дарья Лосик өлкөнүн авторитардык башчысы Александр Лукашенкого кайрылып, аны «коркок» деп айыптаган. 2023-жылдын январь айында Дарьяны эки жылга эркинен ажыратышкан. Буга анын «экстремисттик» деп таанылган польшалык «Белсат» телеканалына интервью бергени негиз болуп, ага «экстремисттик ишмердүүлүктү жайылткан» деген айып тагылган.

2024-жылдын 24-июлунда беларус бийлиги камакта жаткан саясий туткундар арасынан беш аялды бошотконун, алардын бири Дарья Лосик экенин «Гомел жазы» укук коргоо долбоору жазган.

«Весна» укук коргоо борборунун 11-сентябрдагы маалыматына караганда, Беларуста жалпы 1192 саясий туткун бар. (AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *