Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Раиса Атамбаева президент Садыр Жапаровго кайрылды

12-сентябрда кечинде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева өлкө башчы Садыр Жапаровго жана кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

«Мен күйөөм Дубайда Бакиевди актоо сунушуна макул болбой койгону үчүн сиздин ага карата жеке терс көз карашыңыз болушу мүмкүн экенин түшүнөм. Бирок ал сизге каршы чыккан эмес. Ал бул маселени мурдагы президенттер же бийлик эмес, бүтүндөй кыргыз эли жана айрыкча каза болгондордун жакындары чечиши керектигин гана айткан», — деди Атамбаева.

Раиса Атамбаева Кой-Таштагы үйү тууралуу маселеге токтолуп, "үч жыл мурун сиз (президент Садыр Жапаров) менен жолукканда бул үйдө жолдошум менен жашай берүүнү макулдашканбыз", - деп жазат мурдагы президенттин жубайы.

Кайрылуунун тексти Алмазбек Атамбаевдин фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

"Жети жыл мурун күйөөмө каршы катаал кампания башталганда, биз Өзбекстандын ал кездеги биринчи айымынын чакыруусу менен бир нече күн ошол өлкөдө болгонбуз. Ошол учурда айрымдар мага телефон чалып, коркутуп-үркүтүп, балдарым менен өлкөгө кайтпай эле коюумду кааларын айтышкан. Бирок мен кыргыз ханы Манас өлтүрүлгөндө анын үй-бүлөсү Өзбекстанга качып барып, ошол жакта жашаган окуя кандай гана учурда болбосун кайталанышын каалабайм,"- деп жазат Атамбаева.

12-сентябрда Алмазбек Атамбаевдин уулу, “Социал-демократтар” партиясынын лидерлеринин бири Кадырбек Атамбаев сот аткаруучулар өзүн, апасын жана башка үй-бүлө мүчөлөрүн Кой-Таштагы үйүнөн чыгарып жатышканын кабарлап, бул иш аппеляциялык соттордо каралып бүтө электе башталган мындай аракеттерди “мыйзамсыз акт” деп атаган. Ал партиянын штабын жана “Медиа-Форумду” да мамлекеттин карамагына алуу аракети жүрүп жатканын белгилеген.

Кийинчерээк Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Тимур Малбашев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн жеринин жарымына карылар үйү, жарымына бала бакча куруларын айткан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-президентАлмазбек Атамбаевди Кой-Таш окуясына байланыштуу күнөөлүү деп таап, 11,5 жылга кескен. Бул иш шаардык сотко жеткен. (AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *