Израилдин бийлиги шаршембиде Газа шаарынан чыгып кетүүнү эскерткенден кийин миңдеген киши анклавдын түштүгүнө агылды. Айрымдары согуш башталгандан бери ушуну менен 20-30 жолу жер которууга аргасыз болду. Бир катар өлкөлөр ЦАХАЛдын анлкавдын ири калаасын басып алуу аракетин сындашууда.