Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргызстанда илбирстерди сактоого чакырган мультфильм тартылды

Кыргыз тилинде тартылган “Илбирс. Мөңгүдөгү издер” деп аталган мультфильмдин жабык көргөзүү иш-чарасы Бишкек жана Ош шаарларында чакан форматта өткөрүлдү. NABU Кыргызстан уюмунун каржылык колдоосунда даярдалган анимациялык тасма Central Asia Film киностудиясы тартты. Мультфильмдин режиссёру Айбек Дайырбеков.

Мультфильмди тартуу идеясын NABU Кыргызстан уюмунун мүдүрү Толкунбек Асыкулов сунуштап, сейрек кездешүүчү жаныбарды сактап калуу көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу максатын көздөгөн.

Кыргыз тил күнүнө карата өткөрүлгөн бул иш-чарага Агартуу министрлигинин, Улуттук тил комиссиясынын, “Баластан”, “ЭлТР”, “Илим Билим”, телеканалдардын, билим берүү башкармалыктарынын кызматкерлери, окуу жайлардын окутуучулары жана студенттери конок болушту.

Талкуу учурунда тасманы көргөндөр өз пикирлери менен бөлүшүп, мультфильмдеги бере турган идеяны бир добуштан колдоого алышты. Анын кыргыз тилинде тартылганын, балдардын аң-сезимине оң таасир этерин жана экологиялык маселени ийгиликтүү чагылдырганын айтышты.

Учурда мультфильм жалпы элге жеткиликтүү кылып көрсөтүүгө даярдоо этабында турат.

Режиссёр, сценарист жана продюсер Айбек Дайырбеков Кыргызстанда жана Казакстанда бир нече кыска метраждуу жана узун метраждуу фильмдерди, теле сериалдарды, мультфильмдерди тарткан. Бир нече фильмдердин сценарийин жазып, бир катар тасмаларга продюсерлик кылган. Дайырбек учурда Кинематографисттер союзуна төрагалык кылат.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда болжол менен аска-тоолорду мекендеген 330дай ак илбирс калды. Жаратылышка зулумдук кылып, ага зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айыппул каралган. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *