Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

НАТО Балтика деңизине зениттик фрегат жиберди

Даниянын аба мейкиндигин дрондордун бузуп киришине байланыштуу НАТО Балтика деңизинде зениттик фрегат жана кошумча чалгын жабдыктарын жиберди.

27-сентябрда белгисиз дрондор Даниянын аскердик жайларынын айланасында байкалган. Апта башында бир нече дрон өлкөнүн аэропорттору менен маанилүү инфраструктурасынын үстүндө учуп жүргөн.

Эл көп ташыган Копенгаген аэропорту дүйшөмбүдө дрондордон улам бир нече саат ишин токтотууга аргасыз болду. Кийинчерээк дагы беш жарандык жана аскердик аба майдандар убактылуу жабылып, кайра ачылды.

Ушул окуялардан кийин НАТО жаңы ресурстар менен Балтика деңизинин аймагында байкоолорун күчөтөрүн кабарлады. Альянстын өкүлү бул жабдыктарды кайсы мамлекеттер берерин тактаган жок.

Жаңы күчтөр блоктун быйыл январда деңиздеги электрөткөргүч жана телекоммуникация зымдары менен газ куурларына зыян келтирилгенден кийин ишке киргизилген "Балтика сакчысы" миссиясына колдоо көрсөтөт.

Маанилүү инфраструктураны коргоо үчүн НАТО мамлекеттери фрегат, патрулдук учак жана деңиз дрондорун жайгаштырды.

Сентябрда альянс 20га чукул орусиялык учкучсуз дрондор Польшанын аба мейкиндигин бузуп киргенден кийин Европанын чыгышын бекемдөөгө багытталган "Чыгыш сакчысы" миссиясын ишке киргизген.

19-сентябрда Орусиянын МиГ-31 үлгүсүндөгү үч истребители Эстониянын аба мейкиндигин бузуп кирип, 12 мүнөттөй учуп жүргөндөн кийин аларды НАТОнун миссиясынын алкагында Балтика деңизин кайтарган италиялык истребителдер кармаган.

НАТОго мүчө мамлекеттер Орусиянын дипломаттарына эгерде согуштук учактары альянстын аба мейкиндигин дагы бузса атып түшүрүлөрүн эскерткен.

Орусия өзүнүн дрондору Польшадагы буталарга чабуул коюуну көздөбөгөнүн, ал эми Эстониянын аба мейкиндигине кирди деген истребителдер чек араны бузбай учуп жүргөнүн айткан.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *