Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ИИМ "маркум Айсулуунун агасымын" деп жалган маалымат берген адам милицияга жеткирилгенин билдирди

Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Ысык-Көл облусунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын тууганымын” деп журналисттерге маалымат берген Сыймык Нарынбек уулу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына жеткирилгенин билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, “милиция кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кызды издөө үч күндөн кийин гана башталат деп айтты” деген маалыматты текшерүү ишинде Сыймык Нарынбек уулу жалган маалымат таратканы аныкталган.

“Ал 2002-жылы туулган Нарынбек уулу Сыймык аттуу жаран болуп чыкты. Бул жаран маркумдун тууганы эмес. Буга чейин ал уурулук жана алдамчылык жасоого шектелип, жоопкерчиликке тартылган. Чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу менен ал коомчулукту адаштырган жана жабырлануучунун үй-бүлөсүнө жана жагдайларына эч кандай тиешеси жок”, - деп билдирди ИИМ.

Мекеме тараткан видеодо ал 2002-жылы Нарын шаарында туулганын, социалдык тармактарда катталуучу чогултуу үчүн ушундай ишке барганын, өзүн ИИМдин кызматкери деп тааныштырып Айсулуу Мукашеванын туугандарынан, тааныш-билиштеринен маалымат чогултканын айтканын көрүүгө болот. Министрлик Сыймык Нарынбек уулунун иш-аракетине тиешелүү укуктук баа берилерин кошумчалады.

Видео каякта кандай шартта тартылганы белгисиз. Анын жакындары комментарий бере элек.

Башта анын номурун журналисттер отурган WhatsApp тайпага Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) Кайгуул милиция башкармалыгынын инспектору Надырбек Жусупов салып, Сыймык Нарынбек уулу маркум кыздын агасы экенин жазган. Бул маалыматты Надырбек Жусупов “Азаттыкка” ырастап, буларды айтты:

“Ал бала мага ыйлап чалып, журналисттер менен байланыштырып бериңизчи деген. Менин деле ниетим түз да. Макул деп номерди салып койгом”.

Ысык-Көлдө киши колдуу болгон Айсулуу Мукашеванын өлүмү боюнча коомчулукка өзүн “кыздын агасымын” деген Сыймык Нарынбек уулу маалымат бере баштаган. Ал бир катар медиага, анын ичинде “Азаттыкка” да кыздын өлүмү, аны издөө иштери тууралуу айтып берген.

Айсулуу Мукашева 27-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Каракол шаарына курбусунукуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, аны Барскоон айылында 41 жаштагы шектүү Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаасына салып кетип, Жеңиш айылында зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын чыгыш тарабында жайгашкан көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөн. Кийин кыздын сөөгүн Чүй облусунун Кемин районунун Жел-Арык автожолунун 14-чакырымына, башкача айтканда, Боом капчыгайына ыргытып жиберген.

Шектүү кылмышын жашыруу үчүн автоунаасын жууп-тазалап таштап кетип, уюлдук телефонун жана сим-картасын жок кылган. Аны ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Жети-Өгүз райондук милициясынын кызматкерлери Бишкек шаарынын кичи райондорунун биринде жашынып жүргөн жеринен кармаган.

ИИМ 41 жаштагы шектүү буга чейин бир нече жолу соттолгон жаран экенин, ушул тапта ал Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында кармалып турганын маалымдаган.

Айсулуу Мукашеванын сөөгү 30-сентябрда айылында жерге берилди. Анын жакындары шектүүгө катуу жаза берүүнү талап кылып жатышат. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *