Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Алматы облусунда дагы бир атомдук электр станциясы курулат

Казакстандын бийлиги Алматы облусунда дагы бир атомдук электр станциясын курат. Бул тууралуу өлкөнүн Атомдук энергия агенттигинин төрагасы Алмасадам Саткалиев билдиргенин Tengrinews басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, мамлекеттик комиссия атом тармагын өнүктүрүү боюнча кабыл алган чечимге ылайык, экинчи атомдук станция да өлкөнүн түштүгүндө Алматы облусунун Жамбыл районунда курулат.
"Биздин экинчи станция да өлкөнүн түштүгүндө болот. Анткени өлкөнүн түштүк бөлүгүндө электр энергиясынын тартыштыгы бар. Жаңы станция өлкөнүн түштүгү энергия менен туруктуу камсыздалышына шарт түзөт",-деди Саткалиев.
Ал АЭС куруу боюнча учурда баардык тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.
Өткөн айда Казакстандын вице-премьер-министр Роман Скляр "Азаттыктын" казак кызматынын суроолоруна жооп берип жатып, өлкөдөгү экинчи жана үчүнчү АЭСтерди Кытай курарын билдирген. Анда АЭСтер курула турган жерлер аныкталып жатканын, бул иштер ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлүшү керектигин айткан.
Анын алдында Казакстандагы биринчи АЭСти орусиялык "Росатом" ишканасы курары белгилүү болгон. Былтыр октябрда Казакстанда АЭС курууга байланыштуу референдум өткөн. Расмий маалыматка ылайык, анда добуш бергендердин 71% мындай сунушту колдогон. Казак коомчулугунда мындай станциянын курулушуна каршылар чыгып, нааразылык акциялар өткөн. Алар өзөктүк реакторлор иштеп чыккан электр энергиянын тарифи кымбат болорун, калдыктарды жок кылууда маселе жараларын айтып келишет.

Бир катар экологдор жана юристтер региондогу сейсмологиялык активдүүлүктү эске алганда Балкаш көлүнүн жээгинде АЭС куруунун тобокелчиликтери бар экенин эскертишкен. (AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *