Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Президент жайытты тебелегендердин техникасын конфискация кылуу тапшырмасын берди

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды дагы бир жолу жайлоолорду, жайытты коргоого чакырды. Мамлекет башчы бул тууралуу 2-октябрда Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, өлкөнүн булуң-бурчунда тоо бооруна квадрациклдер менен чыгып, чөптөрдү жок кылып жаткан учурлар көбөйгөнүн билдирди. Машинелери менен жайыттарга чейин чыгып кеткен фактылар бар экенин, ушундан улам аларга чара көрүү тапшырмасын бергенин кошумчалады.

“Мындан улам, Ички иштер министри менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрине тоо беттерин, көк шибер, жайыттарды квадрациклдер, жол тандабастар менен тебелегендерге айып пул салуу жана техникалык каражаттарын конфискациялоо мүмкүнчүлүгүн карап көрүү тапшырмасын бердим. Жайыттарды, көк чөптөрдү квадрацикл, унаалар менен тебелетпөө боюнча ишти жогоруда аталган эки министрлик эле эмес, жергиликтүү бийлик органдары дагы алып барууга тийиш”, - деди ал.

Садыр Жапаров элди машине, квадрациклдерди жолдор менен гана айдоо керектигин жазды.

Президент 9-августта да Фейсбук баракчасына билдирүү жарыялап, соңку учурда өлкөнүн аймагындагы жайлоолорду кыдырып жүргөнүн, анда жер кыртышын техника бузуп жатканына күбө болгонун белгилеген.

Кыргызстандын жалпы аянты 20 миллион гектар болсо, анын 9 миллион гектарын жайлоо менен жайыт ээлеп жатат. Бир кезде көк майсаң баскан жайлоолор төрт түлүк малдын көбөйгөнүнөн, кен байлык казуудан жана климаттын өзгөрүүсүнөн улам жылдан жылга такырга айланып баратат. Соңку беш жылда эле жайыттардын аянты 25 миң гектарга кыскарган.

Өкмөт бул көйгөйдүн алдын алуу үчүн жайыттарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык программа бекиткенин, анын негизинде такырайган жерлерге урук себүү иштерин жүргүзүп жатканын маалымдаган. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *