Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ташиев бийлик шайлоодо кайсы бир талапкерди сүрөбөй турганын айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев коомчулукта айрымдардын Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого “талапкер болуу үчүн бийликтин колдоосун алдым” деген сөзүнө ишенбөөгө чакырды.

Ал sayasat.kg сайтына курган кыска маегинде Кыргызстанда буга чейинки революциялар, бийлик алмашуу ушундай иштерден, таза эмес өткөрүлгөн шайлоолордон улам болгонун айтып, азыркы бийлик андай катаны кайталабай турганын кошумчалады.

“Ачыгын айтканда, биз таза шайлоо өткөрүү ниетинде абдан чоң жумуш жасадык. Анткени биз да убагында канчалаган шайлоолорго катышып, азабын тартып келгенбиз. Азыр болушунча адам факторун азайттык, санарипке өттүк. Шайлоочулардын кызыкчылыгы биринчи орунда болду. Эгерде биз өз адамдарыбызды алып келүүнү көздөсөк, ушунун баарын жасаштын эмне кереги бар эле? Эски шайлоо системасын калтырып, жыргап жата бербейт белек анда?!”, - деди ал.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 1-октябрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу (30 округ) шайлоо округдарынын чек араларын бекиткен. Айрымдар шайлоо округдары чачыранды, кээ бир жерлерде шайлоочулардын саны аз болуп калды деген сын-пикирлерди айтып жатышат.

Президент Садыр Жапаров мындай дооматтарды четке какты.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.

28-апрелде Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, парламентке шайлоонун тартиби өзгөргөн. Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт). (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *